Көрүүсү начарлар үчүн версия
“Гендердик зомбулуктан жабыркагандарга натыйжалуу жардам берүү үчүн ресурстарды мобилизациялоо” улуттук форуму

2024-жылдын 9-февралында USAIDдин “Укук Булагы” долбоорунун каржылык колдоосу менен Социалдык технологиялар агенттиги гендердик зомбулуктан жабыркагандарга натыйжалуу жардам көрсөтүү үчүн ресурстарды мобилизациялоо боюнча улуттук форум өткөрдү.

Гендердик зомбулуктан жабыркагандарга коопсуздук жана жардам менен камсыз кылуу үчүн биргелешкен аракеттер жана ресурстарды мобилизациялоо боюнча панелдик сессия

Форум гендердик зомбулуктан жабыркагандардын коопсуздугун жана жардам менен камсыз кылуу үчүн ресурстарды мобилизациялоо боюнча биргелешкен практикаларды жана күч-аракеттерди талкуулоо үчүн диалог аянтчасы болду. Форумда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ашимова Динара Ашимовна, Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна, USAIDдин гендердик теңчилик жана аялдардын укуктарын кеңейтүү боюнча координатору Жамил Биггио, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Алыбаева Жаңыл Ишенбековна сөз сүйлөштү.

Эмгек жана социалдык камсыздоо, миграция министринин орун басары Жаныл Алыбаева жана КР ЖК депутаты Динара Ашимова
КР ЖК депутаты Эльвира Сурабалдиева жана “СТА” КБ директору Зульфия Кочорбаева

Гендердик зомбулук олуттуу көйгөй бойдон калууда жана аны чечүү үчүн биргелешкен аракеттерди талап кылат.
Форум маалымат жана пикир алмашуу үчүн аянтча болуп, көйгөйдүн өзүн гана эмес, аны жеңүү үчүн биргелешип иш алып барууга да көңүл буруу муктаждыгын көрсөттү.Өзгөчө көңүл гендердик зомбулук маселеси боюнча коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга бурулду.

Kaktus media ЖМКсынын жетекчиси зомбулук кейстерин ЖМКда чагылдырууда эффективдүү коммуникациялар жөнүндө

Массалык маалымат каражаттарында түшүндүрүү иштеринин көбөйүшү, ЖМК жана бейөкмөт уюмдар үчүн коммуникацияны жакшыртуу жана туруктуу тармактык моделдерди түзүү жолдорун талкуулоо үчүн практикалык сессиялар өткөрүлдү. Катышуучулар жаңы билимдерге гана ээ болбостон, ошондой эле гендердик зомбулукту чагылдырууну кеңейтүүгө жардам бере турган маанилүү медиа менен байланышуу көндүмдөрүн да алышты.

“Сезим” КБ жетекчиси Бубусара Рыскулова

Форум кызматташуу, инновация жана позитивдүү өзгөрүүлөр үчүн сигнал болду. Катышуучулар мамлекеттик органдардын, жарандык коом уюмдарынын жана массалык маалымат каражаттарынын ортосунда өнөктөштүктү түзүүгө шыктанышты. Биз биргелешкен аракеттер-Кыргызстанда коопсуз жана адилеттүү коомду түзүүнүн ачкычы экенин көрүп жатабыз.