Көрүүсү начарлар үчүн версия
Анна Капушенко: “Гендердик теңчиликти илгерилетүү үчүн журналисттерге сөз эркиндиги керек”

“Клооптун” башкы редактору Анна Капушенко 10 жылдан ашык журналистика менен алектенет.

Аннанын айтымында, азыр гендердик теңчиликке байланыштуу күн тартиби алыскы планга чыкты, анткени медиага массалык чабуул жүрүп жатат.

“Бир нече мыйзам долбоорлору талкууланып жатат, азыр медиа кызматкерлери жасаган нерсе – бул өздөрүн коргоо. Буга абдан көп ресурс жумшалып жатат, ошондуктан бүтүндөй ММКны жоготуу коркунучу алдында турган учурда гендердик теңчилик темасында ой жүгүртүү кыйын.

Эгерде бизде шарттар, сөз эркиндиги калса жана мыйзамдын чегинде каалаган нерсебизди жасай алсак, анда биз өзүбүздү коргоо жана коопсуз кылуу үчүн көп убакыт жана күч жумшамак эмеспиз, анда гендердик теңчиликти илгерилетүү маселесинде көбүрөөк прогресс болмок. Биз эки жылдан бери өмүрүбүз, коопсуздугубуз үчүн коркуу режиминде болуп келебиз, каалаган убакта бизди камап коюшу мүмкүн, медиабыз жабылып, жумушубуздан айрылып калышыбыз мүмкүн деп коркобуз.

Ошондуктан, өлкөдө гендердик теңчиликти күчөтүү үчүн жетиштүү иш жасаган жоксуңар деп бизди айыптоонун мааниси жок. Медиа мындай аман калуу режиминде болгондо аларды аялдардын укуктарын илгерилетүү маселелери азыраак кызыктырат – анткени аман калуу негизги маселе”, — дейт Анна.

“Клооптун” башкы редактору гендердик зомбулук жөнүндө материалдарды түзүү боюнча өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү жана бул жааттагы системалык изилдөөлөр мындай басылмаларга карата талаптарды кантип калыптандырганы жөнүндө айтып берди.

Анна аялдарга карата зомбулук боюнча изилдөөлөрүн өзүнүн окуясынан баштаган — эжеси үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган. Жабыр тарткан эжеси аны сабаган күйөөсүн жоопко тарттыра алган эмес.

“Мен мунун баарын системалуу түрдө изилдей баштадым жана Кыргызстанда баары тескеринче экени түшүнүктүү болду. Мындай олуттуу көйгөйлөргө туш болгондо аялдар адилеттүүлүкө таптакыр жетише алышпайт. Бул милицияга кайрылуу жардам бербегендигинен башталат жана соттор агрессорлорго жумшак өкүм чыгаруу менен аяктайт”, — дейт Капушенко.

Натыйжада, Анна Капушенко гендердик зомбулук – системалуу көйгөй экенин далилдеген маалыматтарга негизделген бир нече макала жазган. Макалалардын биринде үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөндөрдү жоопко тартуу абдан татаал экени айтылат, ал эми фемицид тууралуу изилдөө Кыргызстанда аялдарды өзүнүн жазасыз болорун сезген үй-бүлөлүк агрессорлор өлтүрүп жатканын далилдейт.

“Эгерде бизде үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жакшы болсо, агрессорлор камалмак, дагы кандайдын бир чаралар көрүлмөк, аялдарды өлтүрүү азыраак болмок. Азыркы учурда бизде үй-бүлөлүк зомбулуктан улам жылына 20 аял өлтүрүлөт, бул 20 медиада басылып чыккандар. Ал жерде тергөө кылмыштын натыйжасын кандай квалификациялап жатканын териштирүү керек” – деп түшүндүрөт Анна.

Аннанын айтымында, үй-бүлөлүк зомбулуктун дагы бир жагы бар – өзүн коргоонун натыйжасында агрессорлорду өлтүрүү. Бул жерде да система кайрадан эле аялдар тарапта эмес.

“Биз аялдар көбүнчө эркектерди аман калуу аракетинде, өзүн коргоо үчүн өлтүрүшөт. Тергөө муну өзүн-өзү коргоо катары квалификациялабайт. Негизинен өзүн-өзү коргоо боюнча берене дээрлик колдонулбайт жана аялдарды киши өлтүрдү деп камашат” – деп кошумчалайт “Клооптун” башкы редактору.

Көйгөй системалуу экендигин жана “Клооптун” жамаатында фемоптика менен кызматкер айымдар бар экендигин эске алуу менен Анна Капушенко жана анын командасы көйгөйдү чагылдырууга системалуу мамиле жасай башташкан.

“Гендердик зомбулукту чагылдыруу боюнча “Клооптун” стратегиясы бир нече аспектилерден турат. Биз кейстин өзүн байкап турабыз. Бул абдан татаал процесс, анткени ар бир адамда күчтүү фемоптика жок жана кээде биз ката кетиребиз. Бирок биз жабырлануучуну айыптоочу баяндарды колдонбоого аракет кылабыз. Биз макаладан кийин агрессор күнөөлүү эмес, жабыр тарткан аял күнөөлүү деген сезим калбагандай кылганга аракет кылабыз. Биз, албетте, мыйзамдарды, ал жакта эмне өзгөрүп жатканын байкап турабыз. Укук коргоочулардын бул темада эмне деп айтканын байкап турабыз.

Биз бул тема боюнча бийликтин билдирүүлөрүн байкап турабыз. Азыр биз бийликтин зордук-зомбулук көйгөйүн четке кагууга же укук коргоо органдарынан башкалардын баарына жоопкерчиликти жүктөөгө аракет кылып жаткандыгына көп кездешебиз. Биз, албетте, буга да көңүл буруп, макул эмес экенибизди жазабыз.

Ролдук моделдердин арыздарын, мисалы, көптөгөн жазылуучулары бар адамдарды байкап турабыз. Эгерде масса артынан ээрчиген адамдар зомбулукту нормалдаштырууга аракет кылышса — биз андай болбошу керек деп түшүндүрөбүз. Изилдөөлөрдү, окуяларды биз дайыма жасайбыз, аларды социалдык тармактар үчүн видеолордо, карталарда кайра таңгактайбыз”, — дейт ал.

Аннанын айтымында, “Клооптун” бардык иштелмелери азыр болуп жаткан окуяларды мурункудай травматикалык контекстте көрсөтүүгө мүмкүндүк берет, бирок азырынча мунун баары идеалдан алыс.

“Үч-төрт жыл мурун жасаган окуяларыбызга биздин азыркы гендердик оптикадан өтпөй калган иллюстрацияларды заказ кылганбыз. Иллюстрациялар негизинен аял сабалган, ага эркек үстөмдүк кылат. Мындай классикалык штамп, аны башка медиа кызматкерлер да көп колдонушат. Бул азыр актуалдуу болбошу керек экенин түшүнөбүз, анткени бул жөн гана жабырлануучунун образын бекемдейт.

Биз бул жагдайды өзгөртүп, аялдарды жабыркабаган, аман калган кылып көрсөткүбүз келет. Биз мындан ары эски клишелер менен иштегибиз келбейт — аялды байкуш жана бактысыз катары көрсөтүүнү каалабайбыз. Бул таптакыр башка баян — алардын күчүн көрсөтүү, канчалык кыйынчылыктар болгонуна карабастан, алар агрессордун тозоктуу “кучагынан” кутулуунун жолун табышканын көрсөтүү. Бул гендердик-трансформациялык мамиле.

Биз азыр бул багытта иштөөгө аракет кылып жатабыз, бирок анда да кыйынчылыктар бар. Азырынча дүйнө жүзү боюнча кырдаалды кантип өзгөртүш керектигин ойлоп табыша элек, эгерде Кыргызстанда муну дароо беш секунддун ичинде ойлоп табышса, таң калыштуу болмок. Бирок, биз азыр ушул багытта ойлонуп жатабыз” — деп түшүндүрөт Анна.

Кыйынчылыктар гендердик сезимтал контентти өндүрүүдө гана эмес, аны жайылтууда да күтүүдө. Редакция социалдык тармактарда тыюу салынган темаларды көтөргөндө хейт менен көп кездешет.

“Феминитивдер боюнча хейтте, сексуалдык билим берүү, этек кир маселеси, мисалы, ушул кезге чейин тыюу салынган тема. Этек кир жөнүндө кыскача видео чыгарганда интернетте бул тема жөнүндө сүйлөшпөш керек деген көптөгөн комментарийлер болгон. Суроо – анда бул жөнүндө кайда сүйлөшүш керек? Көчөлөрдөбү, дубалдын түбүндөбү?

Биз көптөгөн хейт менен кездешкенде биз үчүн бул тема абдан маанилүү, аны көбүрөөк чагылдыруу керек дегенди билдирет. Демек, коомчулуктун ичинде кандайдыр бир көйгөй бар жана бул абдан катуу таасир эткендиктен, абдан ачуулангандыктан, бул тууралуу көбүрөөк айтуу керектигинин көрсөткүчү”, — дейт Анна.

Капушенконун пикири боюнча зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча айрым жоопкерчилик дал ушул журналисттерге жүктөлөт, ошондуктан алар сезимтал маалыматтарды таратууга жоопкерчилик менен мамиле кылышы керек. Капушенко азырынча кыргыз журналисттери жапа чеккен адамды айыптоонун эсебинен өз материалдарында зомбулукту нормалдаштырууну улантып, зомбулукту романтикалаштырууну улантууда деп эсептейт.

“Зордук-зомбулукка байланыштуу окуялар жөнүндө сөз кылганда көптөгөн маалымат каражаттары шок-контентти, мисалы “Аял түшкү тамак жасагысы келген жок. Эркек аялына 15 жолу бычак сайып, өлтүргөн” деп чыгарышат. Бизге тозоктой көрүнгөн жана акылыбызга сыйбаган бул аталышты көпчүлүк “Ал түшкү тамакты жасаган жок да, демек, аны өлтүрүп койсо болот” деп эсептешет.

Ой жүгүртүүбүздү кайра форматтоо биз үчүн абдан кыйын болду, анткени сен көп учурда билбей туруп кээ бир нерселерди жасайсың. Бул аталыштар, жаңылыктын жазылышы зордук-зомбулукту нормалдаштыруу процессине чоң таасирин тийгизет. Медийщиктер агрессор “кызгануудан улам аны сабады” деп жазышканда – бул зомбулукту романтикалаштыруу”.

Аннанын көз карашы боюнча зомбулукту нормалдаштыруу бул аялдардын агрессордун колунан чыгып кетишине тоскоол болгон жана зомбулук көрсөткөндөрдүн уруп-сабоону улантуусуна мүмкүндүк берген узун чынжырдын бөлүгү.

“Бардык журналисттер эмпатия боюнча көйгөйлөргө дуушар болушат. Журналисттер дайыма зордук-зомбулук, киши өлтүрүү жана башкалар жөнүндө ушундай татаал окуяларга туш болушкандыктан, өзүн-өзү коргоо механизми иштей баштайт жана адамдар уятсыз болуп калышат. Алар муну веб-сайтка жайгаштырыла турган нерсе катары кабыл алышат. Бул конкреттүү адамга кандай таасир этет же жалпысынан өлкөнүн абалына кандай таасир этет? Булар жөнүндө ойлонгондор аз. Бул ушундай кесиптик деформация. Бул нерсени өзгөртүш керек, аны менен күрөшүш керек.

Ички мизогиния да бар — бул өтө татаал нерсе, аны түшүнүү жана ой жүгүртүүнү кайра форматтоо кыйын”, — дейт Анна.

Бирок, Анна ММКдан баары эле көз каранды эмес экенин баса белгилейт — медийщиктер дайыма эле өлкөнүн абалына таасир эте албайт. Системалык деңгээлде бир нерсе өзгөрүш үчүн гендердик теңчилик маселелерине чечим кабыл алуучулар тартылышы керек.

“Саясатта жана өкмөттө эркектер гана болсо, мен алардан эч кандай катышууну күтпөйм. Бийлик алмашары менен саясатта аялдарды эч ким күтпөгөнү белгилүү болду. Аларды ал жактан кууп чыга башташты. Системалык көйгөйлөрдү чечүү маселеси медиага гана тиешелүү эмес, ММК көйгөй жөнүндө кыйкыра гана алат. Бул маселелер жогору жакта көтөрүлүшү керек.

Азыр бийлик руханий билим берүү туурасында айтып жатат, эгер биз идеологияны куруп жатсак, анда аялдардын укуктары темасы толугу менен киргизилиши тийиш. Бирок, тилекке каршы, киргизилген жок. Бул, мисалы, бирдей эмгек акыга тиешелүү болушу керек. Эгер мыйзамдарда бул жазылса жана ал үчүн иш берүүчү жооптуу болсо, анда бир нече жылдан кийин абал жакшырат деп ойлойм. Бүткүл өлкө боюнча бир нече гана медиа бул күн тартибин көтөрө тургандай эмес, системалуу түрдө иштөө керек болгон нерселер бар.

Биз болду иштебейбиз деп айтып жаткан жокпуз. Биз тилекке каршы, чечим кабыл алган адамдарда жоопкерчилик көп жана алар бул оюнга тартылышы керек деп айтып жатабыз, — дейт Анна.

Журналистиканын гендердик сезимтал стандарттарына кайрылсак, Анна журналисттер дайыма ушул нерсеге окутулушу керек экенин белгиледи.

“Дүйнөдө көп нерселер болуп жатат, дүйнө өзгөрүүдө, кээ бир өлкөлөр жаңы мыйзамдарды киргизүүдө жана журналисттер башка медиада да өз ишин жакшыртууда. Башка медианын практикасын карап, изилдөөлөрдү окуп, эмне экенин түшүнүү керек, башкача айтканда, дайыма жакшыртуу зарыл. Ошондо гана бардыгы өнүгөт. Бул кайсы болбосун тармакта ошондой — туруктуу билим алуу”, — дейт “Клооптун” башкы редактору.

Редакциянын туш болгон кыйынчылык — кызматкерлерди сезимтал темаларды туура чагылдыруу боюнча системалуу окутуу.

“Жамаат — бул тирүү организм, ал дайыма өзгөрүп турат, кимдир бирөө кетет, кимдир бирөө келет, дайыма эле фемоптика менен адамдар келе бербейт. Бул тууралуу тынымсыз сүйлөшүүлөр, талкуулар, албетте, жардам берет, бирок дайыма эмес”, — дейт Анна.

Ал гендердик сезимтал журналистиканын стандарттары басылманын редакциялык саясатында жазылууга тийиш экендигин баса белгиледи.

“Бул этика жөнүндө, мунун баарын ошол жерге киргизип, журналисттерге мындай эрежелер топтому бар экенин дайыма айтып туруу керек. Бул тууралуу редакциянын ичинде дайыма айтып туруу зарыл. Жалпысынан, журналисттер көбүнчө этикага байланыштуу көйгөйлөргө туш болушат.

Бизде ММКга даттануу боюнча комиссия бар, бирок азырынча бул институт журналисттерге олуттуу таасир эте албайт. Бул жакшы эмес, анткени медийщиктерде кандайдыр бир талкуулоо жана ой жүгүртүү институту болушу керек” — деди ал.

История подготовлена в рамках исследования « Гендерные аспекты деятельности СМИ в Кыргызской Республике: вызовы и рекомендации» проекта «InKoom– Содействие развитию справедливого и инклюзивного общества в Кыргызстане». Проект реализуется ОО «Агентство социальных технологий» при финансовой поддержке Европейского Союза (https://sta.kg/incoom/).