Көрүүсү начарлар үчүн версия
Гендердик сезимтал журналистиканын стандарттарын киргизүү боюнча ЖМК үчүн ментордук программанын жыйынтыктарынын презентациясы

2023-ж. 25-июльда саат 15.00-дөн 17.00-гө чейин Бишкек шаарында Парк-отель мейманканасынын конференц-залында (Орозбеков көч., 87) пресс-кафеде гендердик сезимтал журналистиканын стандарттарын киргизүү боюнча Ментордук программанын жыйынтыктары сунушталып жана талкууланды.

Кыргызстанда гендердик теңчиликке жетишүү боюнча жасалып жаткан бардык аракеттерге карабастан (адам укуктары боюнча негизги эл аралык документтерди ратификациялоо, улуттук мыйзамдардын деңгээлинде укуктардын теңдигин жарыялоо, чечим кабыл алуучу адамдардын гендердик потенциалын жогорулатуу ж. б. чаралар), өлкөдө аялдар менен эркектер бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ эмес экенин айтууга туура келет, бул гендердик бөлүнгөн статистиканын маалыматтары тарабынан да тастыкталат. Натыйжада, биз гендердик зомбулуктун эң экстремалдык көрүнүштөрүнө жана татаал формаларына, дискриминация, куугунтуктоо, сексизм жана башка терс көрүнүштөргө дуушар болуп жатабыз, алар жалпысынан өлкөдө аялдар менен эркектердин тең укуктуулугуна жетишүүгө тоскоол болушат.

Көпчүлүк учурда бул теңсиз абалды билим берүү чөйрөсү жана жалпыга маалымдоо каражаттары колдойт, алар коомдо аялдарга карата басмырлоочу көрүнүштөрдүн пайда болушуна өбөлгө түзүүчү гендердик стереотиптерди бекемдеген маалыматтарды таратышат.

Бардык чөйрөлөрдө гендердик мамиле зомбулукка жана басмырлоого жол бербөөгө негизделген жетилген жарандык коомду калыптандыруунун маанилүү өбөлгөлөрүнүн бири болуп саналат, ал башка нерселер менен катар гендердик сезимтал журналистика тарабынан колдоого алынат.

Журналисттер укуктук мамлекетти курууга өз салымын кошо алат жана кошушу керек, адам укуктарын урматташат, сыйлашат жана коргошот. Ошондуктан ЖМКда гендердик мамилени концептуалдаштырууну жана иш жүзүндө ишке ашырууну улантуу маанилүү.

Журналисттердин гендердик сезимталдыгын жогорулатуу жана ЖМКнын редакциялык саясатына гендердик сезимтал журналистиканын стандарттарын киргизүү, ошондой эле контенттин сапатын жакшыртуу жана ЖМКдагы гендердик-позитивдүү материалдарды көбөйтүү максатында Социалдык технологиялар агенттиги тарабынан билдирмелердин негизинде 3 ЖМК тандалып алынган, алар үчүн өндүрүштөн ажырабастан(же резиденция форматында, онлайн режиминде), башкача айтканда, түздөн-түз редакциялардагы иш процессинде гендердик-сезимтал жана инклюзивдик журналистиканын инструменттерин кеңири, терең изилдөөгө жана гендердик сезимтал журналистиканын көндүмдөрүн иш жүзүндө бекемдөөгө багытталган Ментордук программа уюштурулган.

2023-жылдын 10-майдан 10-июлга чейин өткөн Ментордук программада Кыргызстандын 3 ЖМКсынын редакциялары катышкан. Пресс-кафеде программанын жыйынтыктары, алынган сабактар, ментордук программанын жыйынтыктары боюнча сунуштар, ошондой эле Программага катышкан ЖМКлардын журналисттеринин, редакторлорунун пикирлери көрсөтүлдү.

Пресс-кафеге редакторлор, ЖМКнын журналисттери, медиа эксперттер, гендердик эксперттер жана активисттер, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Ментордук программа ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Диндер аралык диалогду жана толеранттуулукту илгерилетүүгө көмөк көрсөтүү” долбоорунун алкагында “Социалдык технологиялар агенттиги” КБ тарабынан уюштурулган.