2024-жылдын 18-июнунда “Эркектер менен аялдардын бирдей укуктарынын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды талкуулоо үчүн Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча аймактык кеңешмелер өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Камиля Талиева, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, Чүй облусунун жана Бишкек шаардык мэриясынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мамат уулу Чынгызбек, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гулмира Кыштобаева, ведомства аралык жумушчу топтун мүчөлөрү, ЖМКлар, эксперттер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Аймактык кеңешмелер Кыргыз Республикасынын «Эркектер жана аялдар үчүн бирдей укуктар жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды талкуулоо үчүн Талас, Нарын жана Иссык-Куль облустарында өткөрүлдү. Ал эми Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында онлайн форматта болду.
Аймактык кеңешмелерде Кыргыз Республикасынын «Эркектер жана аялдар үчүн бирдей укуктар жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар талкууланып, катышуучулар тарабынан сунуштар жана сунуштамалар чогултулду. Консультациялардын негизги максаты — мыйзамга киргизилүүчү өзгөртүүлөр боюнча пикир алмашуу жана ар түрдүү тараптардын көз караштарын эске алуу.
Мисалы, Талас облусунда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандарга карата чараларды күчөтүү, мектептерге жана медицина тармагына эркектерди көбүрөөк тартуу, аялдардын укуктарын кеңейтүү максатында аялдардын коомдук кеңештеринин ишмердүүлүгүн туруктуу каржылоо, аялдар кеңештери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен көбүрөөк тыгыз иш алып баруу ж.б. сунуштар берилди.
Аймактык жыйындарда ЖК депутаты Камила Талиева «Эркектер менен аялдардын бирдей укуктарынын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр тууралуу айтып берди.Ал Кыргыз Республикасында аялдар менен эркектердин ортосундагы теңдикке жетүү өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги максаттарынан экенин баса белгиледи. «Гендердик теңчилик принциптери өлкөнүн Конституциясында так белгиленип, өлкөнүн 2040-жылга чейинки өнүгүү боюнча Улуттук стратегиясына камтылган.«Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча Мамлекеттик программа бекитилген», – деп белгиледи ал.
Депутат аял-лидерлердин аткаруу бийлигинде, өзгөчө жогорку жетекчилик кызматтарда болушунун маанилүүлүгүн белгиледи, бул коюлган максаттарга жетүү үчүн зарыл. Ал өлкөдө облустарды жетектеген аялдардын жоктугун мисал келтирди. Мындан тышкары, Камиля Талиева аялдардын коомдук жана мамлекеттик өнүгүүдөгү маанилүү ролун белгилеп, анын мыйзам долбоору аркылуу аялдарды колдоого багытталган бир катар нормативдик чаралар киргизиле турганын билдирди.
«Бүгүн биз ар бир мыйзамдын беренесине көңүл буруп, терең анализ жүргүзүшүбүз керек. Ошол эле учурда саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын камтыган жоболорду толук анализден өткөрүү зарыл», — деп айтты Камиля Талиева.
Ысык-Көл жана Нарын облустарынан консультацияларга катышкан өкүлдөр Кыргызстанда эркектер менен аялдардын эмгек акысындагы айырмачылыктан улам аялдардын чет өлкөгө миграцияга кетип жатканын белгилешти. Бул маселени чечүү үчүн эмгек акысындагы бул ажырымды азайтуу боюнча иштерди жүргүзүүнү сунушташты. Ошондой эле кесиптерди эркектерге жана аялдарга бөлүүдөн баш тартуу, жумуш ордундагы кысым көрсөтүүлөргө каршы күрөшүү, диндин гендердик теңсиздикке тийгизген таасирин талдоо сыяктуу маселелер боюнча иш жүргүзүүнү сунушташты.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өкүлдөрү менен өткөн консультацияларда аймактарда кризистик жана окуу борборлорун ачуу, мамлекеттик кызматта аялдар үчүн квоталарды киргизүү жана мыйзамда кездешкен грамматикалык каталарды оңдоо боюнча сунуштар киргизилди.
«Бишкек шаарында жана Чүй облусунда өткөн консультацияларда катышуучулар аялдардын эмгек миграциясы маселеси, мыйзамда кездешкен майыптыгы бар адамдарга карата туура терминологияны колдонуу, майып балалуу болуп, дискриминацияга дуушар болгон энелерге колдоо көрсөтүү, үй-бүлө институтун түзүү, аялдар менен балдарга карата зомбулукту алдын алуу жана жазаны күчөтүү, ар кандай тармактардагы иш ордунда ар башка жыныстагы өкүлдөрдүн тең салмактуулугун камсыз кылуу боюнча сунуштарды киргизишти.
Бардык катышуучулар мыйзамды өркүндөтүүнүн жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгын таанышты. Тиешелүү ведомстволор аралык жумушчу топтун алкагында, түшкөн сунуштарды эске алуу менен, «Кыргыз Республикасында эркектер менен аялдардын бирдей укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыгат жана күз айларында улуттук консультациялар уюштурулат.
Консультациялар Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы Аялдар, балдар жана гендердик теңдик боюнча кеңеш тарабынан, ошондой эле Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсеси тарабынан Европалык Биримдиктин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «InKoom – Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү» долбоорунун техникалык колдоосу менен өткөрүлдү.»