Көрүүсү начарлар үчүн версия
Элира Турдубаева: “Кыргызстандын журналисттери гендердик жактан дээрлик сезимтал болуп калышты, бирок баалуулуктардын өзгөрүүсү жөнүндө көбүрөөк контент түзүү керек”

“Ала-Тоо” эл аралык университетинин журналистика кафедрасынын башчысы жана изилдөөчү Элира Турдубаева медиа үчүн гендердик сезимтал журналистика боюнча беш жылдан ашуун убактан бери тренингдерди өткөрүп келет.

Изилдөөчү айым ММКда гендердик маселелерди чагылдыруу боюнча абал кыйла жакшырды деп эсептейт — айрым ММКлар феминитивдерди колдоно башташты жана стереотиптерди бекемдөөнү токтотушту, патриархалдык баалуулуктар менен күрөшө башташты.

“Теманы жана аталышын, лиданы тандоодо, сүрөттөрдү, видеолорду колдонууда гендердик сезимталдык сезилет. Бирок, кээ бир ММКлар дагы да гендердик сезимтал эмес. Ошол эле КТРК, ЭлТР жана аймактык каналдар, мисалы, “Регион ТВ”, “7 канал” жана башкалар. Балким, алар гендер боюнча тренингдерге барбагандыктан. Басылмалар, маалымат агенттиктери жакшырды. Ошол эле Super.kgнин журналисттери окуганга даяр, Limon.kgде ойлоно башташты” — деп түшүндүрдү изилдөөчү айым.

Медиа үй-бүлөлүк зомбулук, сексуалдык асылуу, зордуктоо, аялдардын укуктарын бузуу сыяктуу темаларды чагылдырууга өзгөчө көңүл бурганына карабастан, Турдубаеванын пикири боюнча бул чөйрөдөгү абал жалпысынан оң жагына өзгөргөн жок. Турдубаеванын көз карашы боюнча бул адамдардын баалуулуктарын жана жүрүм-турумун өзгөртүүгө багытталган  агартуучу контент аз чыккандыктан болуп жатат.

“Маалымдоо гана эмес, ошондой эле адамдардын жүрүм-турумун өзгөртүү керек. Бул багытта иштер аз. Медиа бир нерсе болгонун гана чагылдырат. Медиа эркектер менен аялдардын, коомдун бардык мүчөлөрүнүн жүрүм-турумун өзгөртүүгө таасир этет. Тилекке каршы, зордук-зомбулукту алдын алуу же зордук-зомбулук жасалган болсо, эмне кылуу керектиги жөнүндө видеолор абдан аз” — деп эсептейт ал.

Ал инстаграмм жана Тикток үчүн кыргыз тилинде, мисалы, эгер аял үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган болсо милицияга арыз жазып, коргоо ордерин алуу керектиги тууралуу кадамдык нускамалары менен көбүрөөк видеороликтерди түзүүнү сунуштайт. Ошондой эле, анын пикири боюнча аялдардын финансылык жана юридикалык сабаттуулугун жогорулатуу үчүн ар кандай интерактивдүү контент түзүү керек.

“Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук болгон учурда коргоо ордери бар экенин түшүндүрүү керек, ал агрессорду токтотпосо да, мүлктү бөлүштүрүүдөн жана алименттен коркпостон ажырашууга, кетүүгө болот, өзүн-өзү өнүктүрүү менен алектенип, акча табуу мүмкүн, стереотиптерден, стигматизациядан коркпоо зарыл. Журналисттер эмне кылуу керектиги тууралуу нускамасы менен видеороликтерди тартып жатканда арыздын формасына жана шаблонуна чейин видеого тиркелиши керек, анткени кээ бир аялдар эч нерсени билишпейт, ошондуктан аларга баарын даяр форматта берүү керек” — деп түшүндүрөт Турдубаева.

Ошондой эле Турдубаева журналисттерге аялдардын позитивдүү образдары — тигил же бул бийиктикке жеткен ийгиликтүү, күчтүү, көз карандысыз аялдарды көрсөтүү менен көп окуяларды жаратууну сунуштайт.

“Аял эркек сыяктуу эле бардык нерсени жасай алаарын көрсөтүү: космоско учуу, өз компаниясын ачуу, бизнеске ээ болуу, каржылык жактан көз карандысыз болуу. Ар кандай тармактарда көрсөтсө болот: IT, инженерия, так илимдерде. Илимдеги аял жашоону өзгөртөт. Бизге ролдук моделдер керек. Өз коомчулугун оң жакка өзгөртүп, өлкөнү эркектер менен бирдей өнүктүрүп жаткан ролдук моделдерге басым жасоо зарыл.

Саясатта, экономикада дайыма гендердик тең салмактуулукту көрсөтүү керек. Эркектер бар жерде: “Аялдар кайда?” деп сураш керек. Конференцияларда, форумдарда спикерлер кайда экенин сураш керек. Гендердик тең салмактуулукту дайымы көзөмөлдөп туруу керек” — деди ал.

Изилдөөчү айым журналисттерге кесип тандоодо кыздардын эркиндиги болушу керектиги жөнүндө көбүрөөк айтууну сунуштайт.

“Аялдар менен кыздар жөнүндө стереотиптерди өзгөртүү керек. Кесип тандоодо дарыгер, медициналык адис, мугалим же тигүүчү сыяктуу варианттарды гана эмес, алтын казып алуу тармагында, заводдордо иштөөгө болот. Бизде ата-эне кыздарына кесип тандоодо: “Ой, сен кызсың, мугалим же медайым болуу сага ылайыктуу” дешет.

Аял бардык тармактарда иштей алаарын, өз тандоосунда эркин экендигин жана каалаган өнөктөшүн тандап, өзү тандаган адам менен жашай алаарын чагылдыруу керек. Келиндин, аялдын, эненин салттуу ролунда гана аял бактылуу боло алат деп чагылдырууну токтотуу керек. Бул логика боюнча аялды бактылуу кылган төрт нерсе бар: балдар, күйөө, кайын журт жана келиндин ролу. Эгерде бул төрт нерсе жок болсо, анда аял бактысыз” — деди Турдубаева.

Турдубаева ошондой эле мигрант аялдарга карата стереотиптер менен күрөшүүгө көңүл бурууну сунуштайт.

“Мигрант аялдарды кабылдоону өзгөртүү керек. Эгер аял Анталияга туризм тармагына же Дубайга иштөө үчүн кеткен болсо, анда ал жеңил ойлуу кыз деген стереотип дароо пайда болот. Же ал ажырашкан болсо, аны жеңил ойлуу деп ойлошот. Адамдарда мындай кабылдоону, айрыкча эркектерде өзгөртүү керек. Аял өнөктөшүн, эркиндигин же иштеген жерин тандай алат деп дайыма трансляциялоо керек.

Россияга, Түркияга баруу менен аялдар каржылык жактан көз карандысыз болушат. Аялдар үй-бүлөлүк зомбулукка чыдабай, ажырашып, балдарын ата-энесине таштап, иштегенге кетип жатышат. Бул кырдаалдан чыгуунун жолу бар экендиги абдан жакшы. Алар бул зордук-зомбулукка жол бербөө үчүн ошол эле Россияга кете алышат” — деп түшүндүрдү изилдөөчү айым.

Жалпысынан журналисттердин гендердик оптикасын күчөтүү үчүн Турдубаева “Гендер жана медиа” сыяктуу курстардын санын көбөйтүүнү, көбүрөөк стажировкаларды түзүүнү, журналисттерге конкурстар аркылуу ушундай контентти түзүүгө түрткү берүүнү сунуштайт. Мындан тышкары, ал ЖОЖдордун бардык курстарына гендердик сезимталдык боюнча компонентти интеграциялоо керек деп эсептейт.

“Эгерде студенттерде “Оператордук искусство” курсу болсо, анда оператордук искусство аркылуу аялдарды кинодо кантип көрсөтүүнү айтуу керек. Бул журналистика факультетинде гана эмес, бардык ЖОЖдордо, бардык факультеттерде болушу керек. Айрыкча юристтерде, экономисттерде гендердик мамиле болушу керек. Юристтер — бул келечектеги мыйзам чыгаруучулар” — деп жыйынтыктады Турдубаева.

История подготовлена в рамках исследования « Гендерные аспекты деятельности СМИ в Кыргызской Республике: вызовы и рекомендации» проекта «InKoom– Содействие развитию справедливого и инклюзивного общества в Кыргызстане». Проект реализуется ОО «Агентство социальных технологий» при финансовой поддержке Европейского Союза (https://sta.kg/incoom/).