Көрүүсү начарлар үчүн версия
ЧҮЙ ОБЛУСУНУН ЖУРНАЛИСТТЕРИ, БЛОГЕРЛЕРИ ЖАНА ММК ӨКҮЛДӨРҮ ГЕНДЕРДИК СЕЗИМТАЛ ЖУРНАЛИСТИКАНЫН СТАНДАРТТАРЫ БОЮНЧА ОКУТУУДАН ӨТҮШТҮ

2023-жылдын 14-июлунда Чүй облусунун 30 га жакын журналисттери, блогерлери жана ММК өкүлдөрү “Гендердик сезимтал журналистиканын стандарттары” боюнча тренингине катышты.

тренингдин катышуучулары өздөрүн тааныштырууда

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги (мындан ары – Министрлик) 2018-2020-жылдарга Гендердик теңчиликке жетишүү боюнча  улуттук иш-аракеттер планын ишке ашыруу максатында гендердик сезимтал журналистиканын стандарттары боюнча методикалык материалдарды иштеп чыгуу боюнча иш алып барган. Учурда министрлик «InKoom – Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомду өнүктүрүүгө көмөктөшүү» долбоору менен биргеликте аны Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгүнө киргизүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.

журналисттер окутуудан өткөндүгүн тастыктаган сертификат алышты

Бул көйгөйдү чечүү үчүн Чүй облусунун журналисттери үчүн гендердик теңчилик маселелери боюнча маалымдуулукту жана түшүнүктү жогорулатууга, аларды гендердик сезимтал журналистиканын стандарттары менен тааныштырууга багытталган тренинг уюштурулду. Гендердик сезимталдык менен макала жазуу боюнча сунуштамаларды колдонуу боюнча практикалык иштер өткөрүлдү.

Тренингди Европа Бирлигинин каржылык колдоосу менен «Социалдык технологиялар агенттиги» бейөкмөт уюму ишке ашырып жаткан «InKoom – Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомду өнүктүрүүгө көмөктөшүү» долбоору уюштурган.