Көрүүсү начарлар үчүн версия
Бишкекте майыптыгы бар адамдардын социалдык-укуктук абалы боюнча жалпы республикалык викторина өткөрүлдү

2024-жылдын 15-июнунда Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын социалдык-укуктук абалы боюнча жалпы республикалык викторина өттү. Иш-чара аймактарда өткөрүлгөн студенттик конференциялардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын 7 облусунан келген өлкөнүн 10 алдыңкы жогорку окуу жайларынын студенттерин бириктирди.

Бардык облустардан келген студенттер

Конференциянын негизги максаты — жаштардын майыптыгы бар адамдарды коомго интеграциялоо жана инклюзия маселелери боюнча маалымдуулугун жана түшүнүгүн жогорулатуу болду. Студенттер Кыргызстандагы майыптыгы бар адамдардын жашоосунун ар кандай аспектилерин камтыган изилдөөлөрүнүн жана долбоорлорунун жыйынтыктарын сунушташты.

Айрыкча, инклюзивдик билим берүү жана бул категориядагы жарандарды ишке орноштуруу маселелерине көңүл бөлүндү. Конференциянын катышуучулары учурдагы абалды активдүү талкуулап, көйгөйлүү учурларды аныктап, өз чечимдерин сунушташты.

Иш-чаранын алкагында катышуучулардын майыптыгы бар адамдардын социалдык-укуктук абалы боюнча билимин текшерүү максатында викториналар өткөрүлдү. Жеңүүчүлөр бул маанилүү теманы изилдөөгө жана популяризациялоого кошкон салымы үчүн бааланды. Конкурстун жыйынтыгында эң жакшы иштер жана билимдер төмөндөгү окуу жайларынан сунушталды:

  1. Б.Н. Ельцин атындагы кыргыз-орус славян университети (1-орун)
  2. И. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети (2-орун)
  3. Баткен мамлекеттик университети (3-орун)

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын ардактуу юристи Толкунбек Исаковдун айтымында, Кыргызстанда213 миңден ашуун майыптыгы бар адам жашайт жана алардын укуктарын ишке ашыруу деңгээли төмөн.

“Бул абалды өзгөртүү үчүн биз жаштар менен, өзгөчө студенттер менен иштөө чечимине келдик. Биз өлкөнүн 10 университетинде «Кыргызстандагы майыптыгы бар адамдардын социалдык-укуктук абалы» темасында бир катар илимий конференциялар өткөрдүк. Анын жыйынтыгы менен ар бир университеттен үч жеңүүчү тандалды. Бүгүн жалпы республикалык викторина өтүп, бардык командалар катышты.

Бул иш-чаранын максаты – коомду майыптыгы бар адамдардын көйгөйлөрүнө көңүл бурууга чакыруу жана бул маалыматты студенттер арасында жайылтуу. Себеби инклюзивдүү коом түзүүдө студенттердин салымы өтө маанилүү!»

Бул ийгилик майыптыгы бар адамдарды коомго кошуунун жана колдоонун маанилүүлүгүн, ошондой эле жарандардын бул категориясына болгон мамилени өзгөртүүдө жаштардын ролун көрсөтөт. Конференция ар бир адам өзүн өзү ишке ашырууга жана коомдук турмушка катышууга бирдей мүмкүнчүлүккө ээ болгон Кыргызстанда ачык жана инклюзивдик коомду түзүүгө карай маанилүү кадам болду.

Конференция ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен “Майыптыгы бар адамдарга юридикалык жардам көрсөтүү” коомдук фонду, “FSDS” коомдук фонду жана “InKoom – Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү” долбоору тарабынан уюштурулду.