2025-жылдын 2-июлунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча Кеңештин 18-отуруму өткөрүлдү.
Отурумга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары жана Кеңештин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакова, Кеңештин төрагасынын орун басары Толкунбек Исаков, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Жыйындын негизги көңүл бурулган маселеси – реабилитация жана абилитация кызматтарынын жеткиликтүүлүгү, айрыкча менталдык өзгөчөлүктөрү бар балдар үчүн шарттарды жакшыртуу болду.
Өз сөзүндө Эдиль Байсалов менталдык бузуулары бар балдардын укуктарын камсыздоо жана алардын потенциалын өнүктүрүү үчүн эрте диагностика, квалификациялуу жардам жана үй-бүлөгө комплекстүү колдоонун маанисин белгиледи. Ал ошондой эле өлкө аймагында адистештирилген борборлорду көбөйтүү жана бул тармакта иштеген адистердин билимин жогорулатуу үчүн системалуу окутууларды уюштуруу зарыл экенин баса белгиледи. Реабилитация иштеринде саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык коргоо мекемелеринин тыгыз кызматташуусунун маанилүүлүгүнө да токтолду.
Мындан сырткары, Байсалов зомбулукка дуушар болгон майыптыгы бар аялдар жана кыздардын укуктарын коргоо маселесин көтөрүп, мамлекет аларга укуктук жардам көрсөтүүгө жана коргоо механизмдерин камсыздоого милдеттүү экенин эске салды.
Министрдин орун басары Кыял Жанузакова өз баяндамасында мамлекет тарабынан майыптыгы бар жарандарды колдоо боюнча бир катар иш-аракеттер жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Бирок, ага карабастан, майыптуулук деңгээли жогору бойдон калууда. Бүгүнкү күндө өлкөдө 218 миңден ашык майыптыгы бар адам жашайт, алардын ичинен 37,6 миңден ашууну — балдар, бул жалпы сандынын 17 пайызын түзөт.
«Майыптуулуктун алдын алуу, ооруларды эрте аныктоо жана скрининг программаларын киргизүү — бул майыптуулук деңгээлин төмөндөтүүгө жана ар бир баланын толук кандуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзө турган маанилүү кадамдар», — деп билдирди ал.
Отурум жыйынтыгында катышуучулар майыптуулугу бар жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган мамлекеттик саясатты өркүндөтүү, кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана мекемелер аралык кызматташууну чыңдоо боюнча биргелешкен аракеттерди аныкташты.