Көрүүсү начарлар үчүн версия
Бишкекте “Эркектер менен аялдардын бирдей укуктарынын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жыйын өттү.

2024-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинде « Кыргыз Республикасынын Эркектер менен аялдар үчүн  бирдей укуктарынын жана  мүмкүнчүлүктөрүнүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун отуруму болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова жана Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова: “Министрлер кабинетинин 17% гана аялдар. КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана райондордун акимдеринин арасында аялдар жок. 452 айыл өкмөт башчыларынын 16сы гана аялдар же жалпы сандын 3,5%ын түзөт.Жаңы мыйзам долбоору КР Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен иштелип чыгат деп ишенем. ,” деди ал.

Зульфия Кочорбаева, “Социалдык технологиялар агенттиги” КБ жетекчиси

Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына “Социалдык технологиялар агенттиги” КБ жетекчиси Зульфия Кочорбаева кирет.

Зульфия Кочорбаева өз сөзүндө, бул маселе боюнча калктын калың катмарынын арасында аймактык жана республикалык консультацияларды өткөрүүнү сунуштап, «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» “Эркектер менен аялдардын бирдей укуктарынын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнүн кепилдиктери” Мыйзам долбоорун иштеп чыгууда бардык тараптардын пикирлерин эске алуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

отурумдун катышуучулары

Отурум мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, КР Президентинин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

КР Президентинин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү

Бул мыйзамдын демилгечиси катары Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева алардын алдында учурдагы кырдаалды жана мыйзам долбоору боюнча келип түшкөн сын-пикирлерди эске алуу менен заманбап, сапаттуу мыйзам долбоорун иштеп чыгуу милдети турганын белгиледи.  Толук маалымат үчүн шилтеме аркылуу өтүңүзhttps://www.facebook.com/share/p/cQh4XgfrA5w3cR2n/?mibextid=WC7FNe