Көрүүсү начарлар үчүн версия
Аялдардын укуктарын кеңейтүү: парламенттеги талкуунун негизги темасы

Кыргыз Республикасынын парламентинин имаратында 17-январда гендердик теңчиликти камсыз кылуу жана аялдар менен кыздардын укуктарын кеңейтүү актуалдуу темасына арналган тегерек стол болуп өттү. Иш-чаранын демилгечиси – КР парламентарийлеринин калк жана өнүгүү боюнча Улуттук комитетинин башчысы, депутат Эльвира Сурабалдиева болду.

 

“Гендердик теңчиликти камсыз кылуу, бардык аялдар менен кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” темасындагы тегерек столдун катышуучулары

Тегерек столдун катышуучулары, алардын арасында депутаттар, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү, Кыргызстанда гендердик теңчиликке жетүүгө байланыштуу кеңири маселелерди талкуулашты.

Эльвира Сурабалдиева өз сөзүндө 30дан ашык өлкөнү бириктирген Азия парламентарийлеринин форуму гендердик теңчилик маселелерине жана жаштардын коомдук турмушка активдүү катышуусу үчүн шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.

КР ЖК депутаты Эльвира Сурабалдиева

Баяндамачылар гендердик теңчилик – бул жөн гана укуктук маселе эмес, адилеттүү жана гүлдөгөн коом куруунун фундаменти экенин баса белгилешти. Жогорку Кеңештин Төрага орун басары Нурланбек Азыгалиев аялдар бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болгондо, бул жалпы коомдун бакубаттуулугуна оң таасирин тийгизерин белгиледи.

Катышуучулар мыйзамдардагы кемчиликтерди, аялдарды колдоо боюнча мамлекеттик программалардын начар ишке ашырылышын, ошондой эле аялдарга жана кыздарга карата дискриминация жана зомбулук көйгөйлөрүн талкуулашты.

ЖК депутаты Динара Ашимова

Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова парламентте аялдардын өкүлчүлүгүн көбөйтүү үчүн шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгына көңүл бурду.

Катышуучулар гендердик теңчиликти камсыз кылуу үчүн мамлекеттин, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын биргелешкен аракеттеринин маанилүүлүгүн баса белгилешти. Мамлекет аялдардын укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүшү керектиги, ал эми жарандык коом бул укуктарды мониторинг жүргүзүүгө жана коргоого активдүү катышуусу керектиги белгиленди.

Майыптыгы бар аялдарга жана кыздарга карата зомбулук маселесине өзгөчө көңүл бурулду. «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук уюмунун директору Зульфия Кочорбаева бул көйгөйгө арналган изилдөөнүн жыйынтыктарын сунуштап, кырдаалды жакшыртуу боюнча бир катар сунуштарды киргизди. Ал Майыптыгы бар аялдар жынысы жана Майыптыгы боюнча кош дискриминацияга кабылып, бул аларды зомбулукка өзгөчө алсыз кыларын баса белгиледи.

Тегерек столдун катышуучулары Кыргызстанда гендердик теңчиликти камсыз кылуу үчүн комплекстүү чараларды көрүү зарылдыгы жөнүндө жыйынтыкка келишти. Алардын арасында:

Мыйзамдарды өркүндөтүү: Бар кемчиликтерди жоюу жана аялдардын укуктарын натыйжалуу коргоону камсыз кылуу үчүн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.

Мамлекеттик органдардын ролун күчөтүү: Мамлекеттик органдар гендердик теңчилик жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча активдүү иштеши керек. Коомчулуктун кабардар болушун жогорулатуу.

Калктын гендердик теңчилик маселелери боюнча кабардар болушун жогорулатуу үчүн маалыматтык кампанияларды өткөрүү зарыл.

Мамлекеттин, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо.

Биргелешкен күч-аракеттер натыйжалуу жыйынтыктарга жетүүгө жардам берет.

Тегерек стол Кыргызстанда гендердик теңчиликке жетүү жолундагы маанилүү кадам болду. Катышуучулар кабыл алынган чечимдер адилеттүү жана тең укуктуу коомду түзүүгө өбөлгө болот деген үмүтүн билдиришти.