2024-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде аялдардын лидерлиги жана анын заманбап коомго тийгизген таасири боюнча маанилүү диалог болуп өттү.
Депутаттар, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле ар кайсы тармактагы лидер аялдар кирген катышуучулар аялдардын лидерлигин илгерилетүү, зомбулукка жана басмырлоого каршы күрөшүү, ошондой эле коомдук жана саясий турмушта аялдардын ролун күчөтүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Бардыгы болуп беш топтун лидер-аялдары төмөнкү багыттар боюнча сөз сүйлөштү:
- Миграциядагы аялдар;
- Чек ара аймактарындагы аялдар;
- Зомбулуктан жабыр тарткан аялдар;
- Майыптыгы бар аялдар;
- Аялдар жана ВИЧ.
Аялдардын лидерлиги жана анын заманбап коом үчүн мааниси тууралуу талкууларда майыптыгы бар аялдарга көңүл буруу зарыл. Алар көп учурда кабылган тоскоолдуктарга жана стереотиптерге карабастан, биздин коомдо маанилүү ролду ойнойт.
Майыптыгы бар аялдар мыкты лидерлик жөндөмдөрүн гана көрсөтпөстөн, күн сайын тоскоолдуктарды жеңип, бизди өздөрүнүн күчү жана туруктуулугу менен шыктандырып келишет. Алардын тажрыйбасы, акылмандыгы, таланты өз потенциалын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлсө, коомго чоң пайда алып келет.
Майыптыгы бар аялдарды колдоо менен биз ар бир адам өзүн-өзү ишке ашырууга жана жашоонун бардык тармактарына катышууга бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон көбүрөөк инклюзивдүү коомго умтулабыз. Келгиле, алардын биздин жамааттык жыргалчылыгыбызга кошкон салымын баалайлы жана бардыгы үчүн адилеттүү жана тең укуктуу дүйнөнү түзүү үчүн иштөөнү уланталы.
Жолугушууда “InKoom” долбоорунун координациясы менен даярдалган, майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын кызыкчылыгын коргогон 5 аялдан турган “БИЗ БАРБЫЗ!” тобу сөз сүйлөштү.
1. Мураталиева Укей – “Назик-Кыз” майыптыгы бар кыздардын КБ төрайымы;
2. Дуйшенова Гульзар – “Жарыктык” майыптыгы бар адамдардын коомдук фондунун төрайымы;
3. Турдиева Алия – Дүлөйлөр жаштар уюмунун төрайымы;
4. Кочорбаева Зульфия -Социалдык технологиялар агенттигинин жетекчиси, “InKoom” долбоору;
5. Исланбекова Бактыгуль – Социалдык технологиялар агенттигинин программалык кооординатору, “InKoom” долбоору;
Өз сөзүндө, топтун башкы спикеои Укей Мураталиева Кыргызстандагы майыптыгы бар аялдардын абалын жакшыртуу максатында сунуштарды берди.
- “Зордук-зомбулукка кабылган майыптыгы бар аял агресордон качып кете албайт, финансылык жактан көз каранды,ал өзүн коргой албайт.
- Майыптыгы бар адамдардын муктаждары менен талаптарын эске алган жана аларга ыңгайлаштырылган шарттары бар Кризистик Борборлор, 112 жана башка ишеним телефондору жок. Ошентсе да, Кыргызстанда майыптыгы бар аялдарга жападан-жалгыз бир КБ (Шелтер)бар;
- ИИМ арызды кат түрүндө кабыл алышат, бирок бардык эле майыптыгы бар адамдар арыз жаза албайт, себеби,сабатсыздык же дагы башка жагдайлар болушу мүмкүн;
- Майыптыгы бар кыз-келиндерге карата зомбулук аракеттери, физикалык жана психологиялык зомбулуктун түрлөрүн ( дары-дармектерди кабыл алуунун зарылдыгына көңүл бурбоо, кам көрүүчүнун ага жардам берүүдөн баш тартуусу, психологиялык манипуляция жана зыян келтирүү кысым көрсөтүү, же зыян келтирүүчү таасирлер) сыяктуу нерселерди өзүнө камтыйт.
Нас не видят потому что:
- Нет общей статистики о лицах с инвалидностью;
- Лицам с инвалидностью отказано в субъективности, а правоохранительные органы часто сомневаются в адекватности или правдивости слов ЛсИ, к примеру история в Баткене:
2 января 2024 г женщина с инвалидностью в возрасте 22 лет (мама двух детей) с диагнозом нарушения слуха и речи, после продолжительного насилия со стороны мужа обращалась к близким и родственникам за помощью. Она также, пыталась обратиться в милицию . Но была проигнорирована сотрудниками. Заявление написать не могла, так как она малограмотная, тем более что не было сурдопереводчика. Она несколько раз пыталась убежать от мужа, но тщетно. В результате муж задушил ее на глазах двоих детей.
Бизди көрүшпөйт, анткени:
- Майыптыгы бар адамдар жөнундө жалпы статистика жок;
- Майыптыгы бар адамдарга карата субьективдүүлүктөн баш тартуу;
- Укук коргоочу органдардын майыптыгы бар адамдын адекваттуулугунан же айткандарыны чындык экендигинен күмөн саноо фактылары бар;
Буга мисал Баткендеги кайгылуу окуя:
2024-жылы 2 -январда 22 жаштагы майыптыгы бар (угуу жана сүйлөөсунүн бузулушу диагнозу менен) , эки баланын энеси көп убакыттан бери күйөөсү тарабанын зордук-зомбулукка кабылып келген. Ал жакындарына, туугандарына жардам сурап кайрылган, бирок эч ким ага маани берген эмес. Андыктан ал милицияга кайрылууга аракет жасаган, бирок арыз жаза албай койгон. Себеби,сабатсыздыгы, сурдокотормочу жанында жок болчу. Ошондуктан күч органдары анын кайырлуусун этибарга алышкан эмес. Милициядан натыйжа чыкпагандандыктан ал бир нече жолу күйөөсүнөн качып көргөн, бирок жыйынтыгында аны күйөөсү эки баласынын көзүнчө муунтуп өлтүргөн.
Бизди эч ким укпайт! Бизди этибарга алышпайт!
Сунуштар:
- Майыптуулуктун түрлөрү боюнча статистика жүргүзүү;
- Ар кандай өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда ар кандай майыптыгы бар адамдар менен иштөө боюнча укук коргоо стандарттарын карап чыгуу жана кабыл алуу;
- Арыздын альтернативдүү түрлөрүн кабыл алуу мисалга: Брайль шрифти, сурдокотормочу, видеокайрылуу аркылуу арыздар;
- Тергөө аракеттери менен иш-чараларды өткөрүү;
- Майыптыгы бар адамдар үчүн 101, 102, 103, ӨК жана башка куткаруу кыызматтарын жеткиликтүү кылуу;
- Жаңсоо тили кызматкерлердин компетенттүүлүгүн бир бөлүгүн түзөт;
- Майыптыгы бар адамдар үчүн зордук-зомбулукта кайрылуу боюнча санариптик тиркемени киргизүү;
- Жаңсоо тили тууралуу мыйзам кабыл алуу;
КР Эмгек , социалдык камсыздоо жана миграция Министрлигине:
Кризистик борборлордун стандарттарын карап чыгуу жана майыптыгы бар кыз-келиндердин мүмкүнчүлүгүнө жана талаптарына ылайык ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү жана азыркы тапта иштеп жаткан Кризистик Борбордун ишмердүүлүгүн колдоо.
Кыргыз Республикасынын Парламентине:
- Конвенциянын беренелеринин 4 жыл ичинин жыйынтыгы боюнча ишке ашырылып иштешине баа берүү жана мониторинг жүргүзүү.
Чечим:
Төмөнкүлөр ишке ашканда , бизди угушту деп эсептейбиз:
- 4 жыл аралыгында майыптыгы бар адамдардык укугун коргоо боюнча Конвенциянын беренелеринин аткарылышы боюнча статистикага мониторинг жүргүзүлсүн.
- Зордук-зомбулук коркунучу болгон учурларда , анын ичинде куралдуу кагылыштарда, гуманитардык өзгөчө кырдаалдарда жана табигый кырсыктарда майыптыгы бар адамдарды коргоону жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча зарыл чараларга мониторинг жүргүзүү. Майыптыгы бар адамдардын коргоо жөнүндө Конвенциянын 6 жана 11- беренелери.
Урматтуу отурумдун катышуучулары эгерде мамалекет тарабынан жогоруда айтылган сунуштар конулго алынып – ишке ашала турган болсо. Майыпыгы бар адамдардын укугу кормоксон укмаксанга калбайт жана мамлекет колдоого алып комуского калтырбайт деп ишенебиз.
Кайрылуунун видеосу шилтеме аркылуу жеткиликтүү:https://youtu.be/9sOAmieWsys