Көрүүсү начарлар үчүн версия
Аялдардын лидерлиги жана инклюзивдүүлүктүн маанилүүлүгү: майыптыгы бар аялдарды колдойлу!

2024-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде аялдардын лидерлиги жана анын заманбап коомго тийгизген таасири боюнча маанилүү диалог болуп өттү.

КР Жогорку Кеңеши

Депутаттар, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле ар кайсы тармактагы лидер аялдар кирген катышуучулар аялдардын лидерлигин илгерилетүү, зомбулукка жана басмырлоого каршы күрөшүү, ошондой эле коомдук жана саясий турмушта аялдардын ролун күчөтүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Диалогдун катышуучулары

Бардыгы болуп беш топтун лидер-аялдары төмөнкү багыттар боюнча сөз сүйлөштү:

Аялдардын лидерлиги жана анын заманбап коом үчүн мааниси тууралуу талкууларда майыптыгы бар аялдарга көңүл буруу зарыл. Алар көп учурда кабылган тоскоолдуктарга жана стереотиптерге карабастан, биздин коомдо маанилүү ролду ойнойт.

Алия Турдиева,Дүлөйлөр жаштар уюмунун төрайымы

Майыптыгы бар аялдар мыкты лидерлик жөндөмдөрүн гана көрсөтпөстөн, күн сайын тоскоолдуктарды жеңип, бизди өздөрүнүн күчү жана туруктуулугу менен шыктандырып келишет. Алардын тажрыйбасы, акылмандыгы, таланты өз потенциалын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлсө, коомго чоң пайда алып келет.

Гүлзар Дүйшөнова, “Жарыктык” майыптыгы бар адамдардын коомдук фондунун төрайымы

Майыптыгы бар аялдарды колдоо менен биз ар бир адам өзүн-өзү ишке ашырууга жана жашоонун бардык тармактарына катышууга бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон көбүрөөк инклюзивдүү коомго умтулабыз. Келгиле, алардын биздин жамааттык жыргалчылыгыбызга кошкон салымын баалайлы жана бардыгы үчүн адилеттүү жана тең укуктуу дүйнөнү түзүү үчүн иштөөнү уланталы.

Үкей Мураталиева, “Назик-Кыз” майыптыгы бар кыздардын КБ төрайымы

Жолугушууда “InKoom” долбоорунун координациясы менен даярдалган, майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын кызыкчылыгын коргогон 5 аялдан турган “БИЗ БАРБЫЗ!” тобу сөз сүйлөштү.

1. Мураталиева  Укей – “Назик-Кыз” майыптыгы бар кыздардын КБ төрайымы;

2. Дуйшенова Гульзар  – “Жарыктык” майыптыгы бар адамдардын коомдук фондунун төрайымы;

3. Турдиева Алия  – Дүлөйлөр жаштар уюмунун төрайымы;

4. Кочорбаева Зульфия -Социалдык технологиялар агенттигинин жетекчиси, “InKoom” долбоору;

5. Исланбекова Бактыгуль – Социалдык технологиялар агенттигинин программалык кооординатору, “InKoom” долбоору;

Өз сөзүндө, топтун башкы спикеои Укей Мураталиева Кыргызстандагы майыптыгы бар аялдардын абалын жакшыртуу максатында сунуштарды берди.

Нас не видят потому что:

2 января 2024 г женщина с инвалидностью в возрасте 22 лет  (мама двух детей) с диагнозом нарушения слуха и речи,  после продолжительного насилия со стороны мужа обращалась к близким и родственникам за помощью. Она также,  пыталась обратиться в милицию . Но была проигнорирована сотрудниками. Заявление написать не могла, так как она малограмотная, тем более что не было сурдопереводчика. Она несколько раз пыталась убежать от мужа, но тщетно. В результате  муж задушил ее на глазах двоих детей.

 

Бизди көрүшпөйт, анткени:

Буга мисал Баткендеги кайгылуу окуя:

2024-жылы 2 -январда 22 жаштагы майыптыгы бар (угуу жана сүйлөөсунүн бузулушу диагнозу менен) , эки баланын энеси көп убакыттан бери  күйөөсү тарабанын зордук-зомбулукка кабылып келген. Ал жакындарына, туугандарына жардам сурап кайрылган, бирок эч ким ага маани берген эмес. Андыктан ал милицияга кайрылууга аракет жасаган, бирок арыз жаза албай койгон. Себеби,сабатсыздыгы, сурдокотормочу жанында жок болчу. Ошондуктан күч органдары анын  кайырлуусун этибарга алышкан эмес. Милициядан  натыйжа чыкпагандандыктан ал бир нече жолу  күйөөсүнөн качып көргөн, бирок жыйынтыгында аны күйөөсү эки баласынын көзүнчө муунтуп өлтүргөн.

Бизди эч ким укпайт! Бизди этибарга алышпайт!

Сунуштар:

КР Эмгек , социалдык камсыздоо жана миграция Министрлигине:

Кризистик борборлордун стандарттарын карап чыгуу жана майыптыгы бар кыз-келиндердин мүмкүнчүлүгүнө жана талаптарына ылайык ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү жана азыркы тапта иштеп жаткан Кризистик Борбордун ишмердүүлүгүн колдоо.

Кыргыз Республикасынын Парламентине:

            Чечим:

Төмөнкүлөр ишке ашканда , бизди угушту деп эсептейбиз:

Урматтуу отурумдун катышуучулары эгерде мамалекет тарабынан жогоруда айтылган сунуштар конулго алынып – ишке ашала турган болсо. Майыпыгы бар адамдардын укугу кормоксон укмаксанга калбайт жана мамлекет колдоого алып комуского калтырбайт деп ишенебиз.

Кайрылуунун видеосу шилтеме аркылуу жеткиликтүү:https://youtu.be/9sOAmieWsys