Көрүүсү начарлар үчүн версия
Аялдардын, балдардын, майыптыгы бар адамдардын, улгайган адамдардын жана башка аялуу топтордун укуктарын коргоо боюнча жарандык коом уюмдарынын кайрылуусу

Аялдардын, балдардын, майыптыгы бар адамдардын, улгайган адамдардын жана башка аялуу топтордун укуктарын коргоо боюнча жарандык коом уюмдары, чет өлкөлүк өкүлдөр жөнүндө деп аталган мыйзамды кабыл алуу социалдык жактан  кыйраткыч, талкалоочу зыяндарга алып келет деп эсептешет жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын аны кабыл албоого чакырат!

Бейөкмөт уюмдарына  – чет өлкөлүк өкүл деген жаӊы макамды белгилөө чет өлкөлүк каржылоону алган +  саясий ишмердүүлүк менен алектенген улуттук Бейөкмөт уюмдары таанылат, бул укук коргоо жана ар түрдүү аярлуу топторго жардам берүү боюнча кызматтарды көрсөтүшкөн социалдык чөйрөдө иштеген Бейөкмөт уюмдарына тиешеси жок  деген ката жана жаӊылыш көз караш болуп саналат.  Мыйзам долбоорунда саясий ишмердүүлүк деген абдан кеӊири жана бүдөмүк түшүнүк киргизилүүдө, ага ылайык саясий ишмердүүлүк мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чечимдерге, алар тарабынан жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясатты өзгөртүүгө,  аталган максатта коомдук ой пикирди калыптандырууга багытталган  ар бир кыймыл-аракет таанылат.

Мындай чечмелөө боюнча гендердик теӊ укуктуулук, үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктан коргоо жана сактоо, балдарды, майыптыгы бар адамдарды, улгайган жана башка аярлуу топторду коргоо чөйрөсүндөгү бардык Бейөкмөт уюмдарынын ишмердүүлүгү саясий ишмердүүлүк деп эсептелип калуусу мүмкүн, себеби алардын ишмердүүлүгү ушул социалдык топторго карата мамлекеттик саясатты ишке ашырууга багытталган. Мындай Бейөкмөт уюмдары жарандардын  аталган категорияларына, мейли мамлекет зарыл жардамдарды толук жана тиешелүү сапатта бере албаган шарттарда болсун социалдык кызматтарды көрсөтүп эле коюшпастан, ошондой эле мамлекеттик органдар менен коомдук сүйлөшүүдө ал жарандардын үнү, алардын кызыкчылыктарын билдирүүчү, жеткирүүчү болуп эсептелишет.

Көп учурда Бейөкмөт уюмдарынын активисттери укук коргоо, балдардын, аялдардын, улгайган адамдардын, майыптыгы бар адамдардын коопсуздугу жаатындагы орун алып жаткан көйгөйлөрдү документтештиришет, жарандардын  аталган топторуна тиешелүү мыйзамдарды аткаруу жана мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жаатындагы түзүлгөн тажрыйбаны өзгөртүүгө карата конкреттүү коомдук суроо-талап түрүндө жеткиришет жана жалпылаштырышат, мунун негизинде алардын укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик чараларды жеткиликтүү кылуу, мыйзамдардын ченемдерин өзгөртүү, жаӊы механизмдерди киргизүү зарылчылыгын түшүнүү жана сынчыл ой жүгүртүү жаралат.

Алсак, мисалы дал ушул Бейөкмөт уюмдарынын активисттери төмөнкүдөй маанилүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү активдүү түрдө илгерилетишкен жана кабыл алынуусуна жетишишкен:

Парламентке элдик демилге усулун киргизүү (36 миӊ жарандын колу) жана 2003-жылы парламент тарабынан КРнын «Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө» Мыйзамынын, КРнын «Гендердик теӊ укуктуулуктун мамлекеттик кепилдиктеринин негиздери жөнүндө» Мыйзамынын кабыл алынышы. Ошондой эле, 2008-жылы КРнын «Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамынын – жаӊы редакциясын илгерилетүү жана кабыл алынышы;

 

Бүгүнкү күндө өлкөдө гендердик зомбулук менен күрөшүү, кыздардын, аялдардын, майыптыгы бар адамдардын, улгайган жана башка аярлуу топтордун  укуктарын коргоо боюнча жасалып жаткан иштердин дээрлик баардыгы Бейөкмөт уюмдарынын активдүү катышуусунда ишке ашырылууда жана дал мына ушул Бейөкмөт уюмдары мамлекеттик органдарга ал жарандар кабылып жатышкан көйгөйлөр жөнүндө объективдүү, ишенимдүү маалыматтарды беришет жана алардын абалдарын кантип жакшыртуу керектиги, бул топтор менен иштөө, аларга тие турган терс зыяндарды жумшартуу боюнча мыйзамдык, институционалдык механизмдер деӊгээлинде кандай өзгөртүүлөрдү жүргүзүү зарыл экендиги жөнүндө сунуштамаларын беришет.

Муну менен катар эле, чет өлкөлүк өкүлдөр жөнүндө мыйзамдын долбоору ушул аракеттердин баардыгын «саясий ишмердүүлүк» катары квалификациялап калат жана ага чектөө киргизет, бул болсо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 2-бөлүгүнүн тамгасына жана жана  турпатына, маӊызына чейин карама-каршы келет «2. Кыргыз Республикасында элдик бийлик бийликтин толугу менен элге таандыктыгы, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, мамлекеттин жана коомдун иштерин башкарууга эркин жана реалдуу жеткиликтүүлүк принциптерине негизденет».

Бул макамдын ишке киргизилиши мыйзадуу ишмердүүлүгүн алып барып жаткан Бейөкмөт уюмдарын кысымга алуу, анын ичинде адвокация боюнча дагы коомдук дебаттарга  катышууга чейин  кысымга алуу тобокелчилигин олуттуу түрдө жогорулатат, ошондой эле мындай уюмдарга карата ишенимсиздиктин, коркунучтун жана душмандашуунун, анын ичинде коомчулук жана мамлекеттик мекемелер тарабынан дагы орун алуусун олуттуу деӊгээлде калыптандыруу тобокелчилигин бир топ жогорулатат.

Мамлекет менен өз ара аракеттенишүү менен Бейөкмөт уюмдары мамлекеттик башкаруу системасына төмөнкүдөй формаларда колдоо көрсөтөт:

Мисалы, балдар уюмдары 30 жылдын ичинде майыптыгы бар балдарга, зомбулуктан жабыр тарткан балдарга жардам көрсөтүүчү ондогон болборлорду түзүштү, ал жерлерде миӊдеген балдар акысыз негизде жардамдарды алышууда. Балдар уюмдарынын күчү менен Баткен окуялары учурунда жабыр тарткан балдар үчүн балдар аянтчалары уюштурулду, чек арага жакын аймактардагы жүздөгөн балдарга кышкы кийимдер жана бут кийимдер сатып алынып берилди. Балдар уюмдарынын долбоорлорунун алкагында балдар үйлөрүндөгү жана майыптыгы бар балдар үчүн атайын интернаттардагы 300дөн ашык бала ата-энелери менен табышышты. COVID -19 пандемиясы убагында балдар уюмдары жакырчылыкта жашаган 400 ашык майыптыгы бар балдарга жардам көрсөтө алышты. Балдарга карата зомбулуктардын жана мектептердеги карама-каршылыктардын алдын алуу үчүн «111» балдар үчүн түз байланыш түйүнү жана «Зомбулуксуз мектеп» деген тарбиялык программа ишке киргизилди,  бул 40 000 адамды кучагына ала алды. Бул жардамдын баары эл аралык уюмдардын колдоо көрсөтүүсү астында берилди.

2010-жылдагы апрель жана июнь окуялары убагында коомдук уюмдар  «Спартак» элдик кошуунун түзүшкөн, анын курамы мугалимдерден, дарыгерлерден, жаштардан жана пенсионерлерден турган беш миӊ аялдан турган, алардын жардамынын негизинде дүкөндөр, май куючу жайлар, супермаркеттер мародерлордон корголуп калган. Ар жыл сайын «Менин баламды мектепке кабыл алгыла акциясынын» алкагында  4000 ашык ата-эне мектепке киргизүү жана документтерин кабыл алуу боюнча акысыз юридикалык жардамдарды алышат. Балдар уюмдарынын ишмердүүлүгү өтө чоӊ социалдык чыӊалууну жоюп турат. Кризисте турган балдарга коомдук жана эл аралык уюмдардын колдоо көрсөтүүсүнүн негизинде жардам берүү мамлекеттик органдар үчүн чоӊ колдоо көрсөтүү болуп саналат, себеби бардык чакырыктардын баардыгын жалгыздыкта жөнгө салуу оор болуп саналат.

2021-2022-жылдардагы Баткен облусундагы чек арадагы карама-каршылашуулар учурундагы саясий жетекчилик тарабынан  чечкиндүү аракеттерди күтүү жарандык коомдун алдындагы олуттуу чакырык болуп калды.  Чек арага жакын жайгашкан Баткендик жашоочулар үчүн гуманитардык мүнөздөгү жардамды уюштуруу жарандык коомдун бардык күчтөрүн мобилизациялоо артыкчылыктарынын бири болуп калды.  Ошол учурда аныкталган   маанилүү муктаждыктардын бири психологиялык жардам көрсөтүү болду. Бейөкмөт уюмдары тарабынан психологдордун  көчмө (жеринде) жардам көрсөтүү үчүн мобилдик түрдө  жардамга чыгуусу бир гана чек арага жакын айылдар үчүн гана уюштурулбастан, ошондой эле 2022-жылы Бишкек шаарынын ооруканаларына келип түшкөн жарадар аскерлерге жана тынч жашоочуларга карата дагы уюштурулду. Психологдор тарабынан 26 айылдагы чоӊ адамдар жана балдар үчүн жеке консультациялар өткөрүлдү жана 4621 адамды кучагына алды. Лейлек жана Баткен райондорундагы чек арага жакын жайгашкан 14 айылга мобилдик медициналык көчмө клиниканын жана дарыгер-адистердин (гинекологдун, терапевттин, онкологдун, маммологдун, УЗИ адистин) мультидисциплинардык көчмө командасынын баруусу уюштурулду, алар 2800 ашык аялдарды жана өспүрүм кыздарды текшерүүдөн өткөрүштү консультациялык кеӊеш беришти. Жергиликтүү Баткендик адистер биринчи психологиялык жардам көрсөтүүчү 5 мобилдик команданы түзүштү,  кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу жана чара көрүү үчүн секторлор аралык топтор даярдалды.

Мына ошондуктан, бүгүнкү күндө аялдар, балдар жана башка социалдык Бейөкмөт уюмдарынын ишмердүүлүгүн бир гана кайрымдуулук, жардам менен чектеп коюуга болбойт, себеби бул жасалып бүткөн зомбулукка, басмырлоого бир гана чара көрүү гана болуп калат, эӊ талкалоочу, зыянын тийгизүүчү тажрыйбаны эч өзгөртпөстөн жана мындай социалдык көйгөйлөрдү чечүү боюнча системалуу, комплекстүү ыкмаларды, алдын алуу чаралары боюнча саясий чара көрүүлөрдү кайра карап чыгууга мүмкүнчүлүк бербестен, аярлуу топтордун укуктарын чектөөгө айланат.

Зомбулук менен, балдардын укуктарынын майыптыгы бар адамдардын, аялдардын, улгайган адамдардын жана башка аярлуу топтордун укукарынын бузулушу менен күрөшүү боюнча бийлик органдарынын аракетсиздиктерин же натыйжасыз ишмердүүлүктөрүнө карата негизсиз сын пикирлерсиз, коомдук сүйлөшүүлөрсүз, тактап айтканда коомчулуктун саясатка катышуусуз (кеӊири мааниде), коомчулук менен кайтарым байланыштарсыз мамлекеттик органдар кырдаалды толук кандуу түшүнө алышпосу жана так, даана кайсы багытта иш алып баруу керектигин жана кайсы багытта саясий чечимдер зарыл экендигин биле албоосу мүмкүн.

Бейөкмөт уюмдарынын ишмердүүлүгүнүн чет жерден каржылануусу боюнча айта турган болсок – бул кеӊири дүйнөлүк тажрыйба. Бейөкмөт уюмдары бүгүнкү күндө донорлор аркылуу көрсөтүлүп жаткан колдоону олуттуу түрдө мыйзамда бекитилген формаларда алышат. Мындан тышкары, эл аралык уюмдар профилдүү Бейөкмөт уюмдары социалдык топтордун муктаждыктары жөнүндө  жакшы маалымдар экендигин, мыкты экспертизага жана квалификацияга ээ экендигин, ошондой эле максаттуу топтордун ишенимдерине ээ экендигин таануу аркылуу Бейөкмөт уюмдарынын долбоорлоруна, демилгелерине каржылык жардам көрсөтүшөт. Бейөкмөт уюмдары тиешелүү мамлекеттик органдарга жана донорлорго бардык зарыл отчетторду берип турушат.

Бейөкмөт уюмдары  бүгүнкү күндө мамлекеттик бюджет аркылуу толук жабуу мүмкүн болбогон чөйрөлөр үчүн өлкөгө зарыл инвестицияларды  мына ушундайча тартышат[1]. Алсак, мисалы:

Чет өлкөлүк өкүлдөр жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алуу Бейөкмөт уюмдарынын ишмердүүлүгү кысымга алынуусуна жана чектелүүсүнө алып келет, бул болсо жарандык сектордон адам ресурстарынын кетүүсүнө, Бейөкмөт уюмдарынын жабылышына жана Бейөкмөт уюмдарына чет өлкөлөрдөн инвестициялардын кыскарышына же ал тургай токтоп калуусуна алып келет, бул болсо албетте аярлуу топтордун укуктарынын жана мүмкүнчүлүктөрүн коргоонун урап талкаланышына жана албетте социалдык чыӊалуунун өсүшүнө жана мамлекеттик органдарга ишенимдин төмөндөөсүнө алып келет.

Бейөкмөт уюмдары коомдук институту мамлекеттик органдардын жана аярлуу топтордун ортосундагы коомдук сүйлөшүүнү калыптандыруунун механизми, социалдык туруктуулуктун маанилүү деӊгээлдеги кепилдиги болуп эсептелет. Кайдыгер эмес жарандык активисттерге  чет өлкөлүк агенттер деген ярлыктарды илүү менен, аларды жарандык активдүүлүк мейкиндигинен, социалдык жактан өзүн өзү уюштуруу сүрүп чыгаруу менен эч ким жеӊишке ээ болбойт, ал эми гендердик зомбулук, балдардын, майыптыгы бар адамдардын, улгайган адамдардын укуктарын коргоо көйгөйлөрү бир гана көбөйөт жана татаалдана берет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын чет өлкөлүк өкүлдөр жөнүндөгү бул кыйраткыч мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырабыз!

 

 

Бейөкмөт уюмдары берген, УСК берген маалыматка ылайык, кийинки сайтта https://budget.okmot.kg/