Көрүүсү начарлар үчүн версия
Армения менен Кыргызстандын ортосунда гендердик жана климаттык отчеттуулук боюнча тажрыйба жана мыкты практикалар менен алмашуу максатында вебинар өткөрүлдү.

2024-жылдын 14-февралында Социалдык технологиялар агенттигинин программалык координатору Бактыгүл Исланбекова “Гендердик жана климаттык отчеттуулук боюнча тажрыйба жана мыкты тажрыйба алмашуу: Армения жана Кыргызстан” вебинарында гендердик эксперт катары сөз сүйлөдү.

Эксперт өз сөзүндө Кыргызстандын гендердик перспективаларды УДСды ишке ашыруу планына же улуттук деңгээлде аныкталган салым – эмиссияларды азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча иш-аракеттер планына киргизүү тажрыйбасы жөнүндө айтып берди. Париж келишиминин ар бир тарабы УДС иштеп чыгып, аны беш жыл сайын жаңыртып турууга тийиш.

Вебинардын катышуучулары

УДС 2050-жылга чейин аз көмүртектүү дүйнөгө жетишүүдө маанилүү роль ойнойт. УДС гендердик теңчиликти жана туруктуу өнүгүүнү илгерилетүү үчүн маанилүү курал боло алат. Бул улуттук климаттык милдеттенмелер климаттык кризисти чечүү боюнча өлкөлөрдүн пландарына гендердик сезимтал чараларды интеграциялоону күчөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.