Көрүүсү начарлар үчүн версия
«Аялдар бириксе, бүтүндөй бир айылдын жашоосун өзгөртө алат»: Жогорку Кеңеште аялдар тармактарын колдоо маселеси талкууланды

«Тынчтык булагы» тармагынын Баткен облусундагы мүчөсү Нургул Ысакова айылдык аялдардын Жогорку Кеңештин депутаттары менен болгон жолугушуусунда долбоорлор аяктагандан кийин аялдар бирикмелеринин келечеги кандай болору тууралуу маселени көтөрдү.

Нургуль Ысакова, Баткен облусу

Нургул Ысакованын айтымында, тармактын түзүлүшү ар кайсы айылдарда жана облустарда жашаган аялдарга сугат суусунун тартыштыгынан жана кургакчылыктан тартып, жергиликтүү деңгээлде жаралган талаш-тартыштарга чейин көптөгөн көйгөйлөрү окшош экенин түшүнүүгө жардам берди.

Бирок эң негизги өзгөрүү аялдар бири-бири менен тажрыйба бөлүшүп, өз ара демилгелерин колдой баштаганда болду.

«Эң негизгиси — биз көйгөйлөрүбүз менен жалгыз калбаганыбызды сездик. Биригип аракет кылсак, ар бирибиз өз-өзүнчө жасаганга караганда алда канча көп нерсеге жетише аларыбызды түшүндүк», — деп белгиледи Нургул Ысакова.

Бүгүнкү күндө «Тынчтык булагы» тармагынын катышуучулары окуулардын алкагында гана жолугушпайт. Эгер кайсы бир айылда сууну үнөмдөө же жергиликтүү бийлик органдары менен кызматташуу боюнча ийгиликтүү тажрыйба жаралса, аялдар аны башка айылдардагы тармактын мүчөлөрү менен бөлүшүшөт.

Ошондуктан тармактын катышуучуларын кызыктырган негизги маселелердин бири — долбоор аяктагандан кийин да мындай өз ара аракеттенүүнү кантип сактап калуу жана аялдар бирикмелеринин мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары менен кызматташуусун кантип туруктуу жолго коюу.

Практикалык жактан алганда, сөз жергиликтүү бийлик органдары менен үзгүлтүксүз консультацияларды өткөрүү, аялдардын суу жана климат маселелерин талкуулоого катышуусу, ошондой эле бир нече айылдан келип түшкөн демилгелерди кароонун так жана түшүнүктүү тартибин түзүү жөнүндө болуп жатат.

Нургул Ысакова бул суроо менен депутаттарга жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө түздөн-түз кайрылды:

«Мындай айылдар аралык аялдар бирикмелерин жергиликтүү бийликтин туруктуу өнөктөшү катары колдоого — аларды биргелешкен демилгелерге, тажрыйба алмашууга жана бир нече айылга тиешелүү жалпы көйгөйлөрдү чечүүгө тартууга даярсыздарбы?»

 

Суроого Жогорку Кеңештин Төрагасына караштуу Аялдардын, балдардын укуктарын жана гендердик теңчиликти коргоо боюнча кеңештин төрагасынын орун басары Эркеайым Сейтказиева жооп берди.

Ал бардык депутаттардын атынан сүйлөй албасын тактап, ошол эле учурда аял депутаттар тармактын катышуучулары менен мындан ары да кызматташууга даяр экенин билдирди.

«Бардык депутаттардын атынан айта албайм. Айым депутаттардын атынан айтсам болот. Биз сиздер менен баарлашканга дайыма даярбыз. “Мен Чүйдөнмүн, мен Жалал-Абадданмын” деп бөлүнбөйбүз. Бул жерде баарыбыз бир эле максатты көздөп келгенбиз. Сиздердин үнүңүздөрдү жеткирип, эгер бизден жардам тийсе, демек, бул жакшы жетишкендик деп ойлойм», — деди Эркеайым Сейтказиева.

Ошентип, талкуу айылдык аялдардын айрым көйгөйлөрүн кароо менен гана чектелген жок. Айылдарда түзүлгөн аялдар тармактарын бийлик органдары менен туруктуу кызматташуу механизмине кантип айландыруу жана жер-жерлердеги аялдардын демилгелерин чечим кабыл алуучу тараптарга кантип жеткирүү керектиги тууралуу маселе көтөрүлдү.

Нургул Ысакова өз сөзүнүн соңунда белгилегендей:

«Бир аял өз үй-бүлөсүнүн жашоосун өзгөртө алат. Ал эми аялдар бириксе, бүтүндөй бир айылдын, ал тургай бир нече айылдын жашоосун өзгөртө алат».

Иш-чара БУУӨП жана «БИОМ» Экологиялык кыймылы» КБ тарабынан БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Фергана өрөөнүнүн аялдары климаттын өзгөрүшүнө туруктуулуктун, адаптациянын жана тынчтыктын алдыңкы сабында» долбоорунун алкагында өттү.