Бишкекте «ДаткАйым» Улуттук өнөктүгүнүн алкагында насаатчылык аркылуу аялдардын лидерлигин өнүктүрүүгө арналган тренинг ийгиликтүү аяктады
Бишкек шаарында «Насаатчылык аркылуу аялдардын лидерлигин өнүктүрүү» аттуу үч күндүк тренинг ийгиликтүү жыйынтыкталды. Окутуу 2026-жылдын 1–3-июль күндөрү Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин колдоосу менен «ДаткАйым» Улуттук өнөктүгүнүн алкагында өткөрүлүп, Кыргызстанда аялдардын лидерлигин өнүктүрүүгө багытталган улуттук насаатчылык системасын түзүүдөгү кезектеги маанилүү этап болду.

Тренингдин негизги максаты — келечекте аял-лидерлердин кесиптик, коомдук жана жеке өнүгүүсүнө колдоо көрсөтө турган, алардын лидерлик потенциалын ачууга, ишенимин бекемдөөгө жана алдыга койгон максаттарына жетүүсүнө көмөк көрсөтө турган насаатчылар тобун даярдоо болду.
Үч күндүн ичинде катышуучулар заманбап теориялык билимдерди жана практикалык инструменттерди камтыган кеңири окуу программасынан өтүштү. Программанын алкагында аялдардын лидерлиги, гендердик теңчилик жана социалдык инклюзия (GESI), аял-лидерлердин муктаждыктары жана мотивациясы, ошондой эле насаатчылыктын тажрыйба бөлүшүүнүн жана лидерлик көндүмдөрүн өнүктүрүүнүн натыйжалуу механизми катары ролу талкууланды.
Тренингдин практикалык бөлүгү насаатчылык коштоонун инструменттерин өздөштүрүүгө арналды. Катышуучулар ментинин жеке өнүгүү жолун түзүүнүн методологиясын үйрөнүп, анын муктаждыктарын жана максаттарын аныктоо, өз ара иш алып баруунун стратегияларын иштеп чыгуу жана жекече насаатчылык пландарын даярдоо боюнча көндүмдөрдү өздөштүрүштү. Мындай формат алган билимдерин бекемдеп гана тим болбостон, аларды келечектеги насаатчылык программасында практикалык колдонууга да мүмкүнчүлүк берди.
Тренингдин акыркы күнү катышуучулар өздөрү иштеп чыккан жекече насаатчылык пландарын сунушташты. Ар бир катышуучу келечектеги ментини коштоп жүрүү боюнча өзүнүн ыкмасын тааныштырып, кесиптештеринен жана тренерлерден пайдалуу пикирлерди жана сунуштарды алышты. Окутуу жыйынтыктоочу тестирлөө, жалпы жыйынтык чыгаруу жана сертификаттарды тапшыруу аземи менен аяктады.
