Көрүүсү начарлар үчүн версия
Ош шаарында «ДаткАйым» Улуттук өнөктүгүнүн алкагында насаатчылык аркылуу аялдардын лидерлигин өнүктүрүүгө арналган тренинг ийгиликтүү аяктады

2026-жылдын 22–24-июнь күндөрү Ош шаарында «Насаатчылык аркылуу аялдардын лидерлигин өнүктүрүү» аттуу үч күндүк тренинг ийгиликтүү өттү. Иш-чара «ДаткАйым» Улуттук өнөктүгүнүн алкагында Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин колдоосу менен уюштурулду.

Тренинг өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген аял-лидерлерди бириктирип, аялдардын лидерлик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган улуттук насаатчылык системасын түзүүдөгү маанилүү кадамдардын бири болду.

Тренингдин негизги максаты — аял-лидерлердин кесиптик жана жеке өнүгүүсүн коштоп жүрө ала турган, өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, лидерлик жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтө турган жана өсүү үчүн коопсуз чөйрө түзө билген насаатчыларды даярдоо болду.

Үч күндүн ичинде катышуучулар аялдардын лидерлигин өнүктүрүүнүн заманбап ыкмалары менен таанышып, гендердик теңчилик жана социалдык инклюзия (GESI) принциптерин өздөштүрүштү. Ошондой эле насаатчылык программаларын жүргүзүүнүн натыйжалуу ыкмаларын үйрөнүп, топтук ишти алып баруу, натыйжалуу коммуникация жүргүзүү жана келечектеги катышуучулар үчүн жеке насаатчылык пландарын иштеп чыгуу боюнча практикалык көндүмдөрдү бекемдешти.

Тренингди «ДаткАйым» Улуттук өнөктүгүнүн уюштуруу комитетинин мүчөлөрү — «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Зульфия Кочорбаева, гендердик теңчилик боюнча эксперт Айнура Усупбекова жана лидерликти өнүктүрүү боюнча эксперт Зульфия Турумбекова өткөрүштү. Окутуунун жүрүшүндө практикалык тапшырмаларга өзгөчө көңүл бурулуп, катышуучулар реалдуу кырдаалдарды талдап, тажрыйба алмашып, насаатчы катары иш алып баруунун натыйжалуу инструменттерин өздөштүрүштү.

Тренингдин жыйынтыгында бардык катышуучулар акыркы баалоодон ийгиликтүү өтүп, өздөрү иштеп чыккан насаатчылык пландарын сунушташты жана сертификаттарга ээ болушту. Түзүлгөн насаатчылар тобу «ДаткАйым» Улуттук өнөктүгүнүн насаатчылык программасын ишке ашыруунун маанилүү бөлүгү болуп, Кыргызстанда аял-лидерлердин жаңы муунун өнүктүрүүгө салым кошот.

«ДаткАйым» Улуттук өнөктүгү аялдардын лидерлигин бекемдөө боюнча системалуу иштерди улантууда. Насаатчылык институтун өнүктүрүү билим менен тажрыйбаны муундан-муунга өткөрүүнүн, аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн, кесиптик байланыштарды чыңдоонун жана алардын коомдук-саясий турмушка, ошондой эле чечим кабыл алуу процесстерине активдүү катышуусун жогорулатуунун натыйжалуу механизмдеринин бири болуп саналат.

Мындай демилгелер өз ара колдоого, тажрыйба алмашууга жана биргелешкен өнүгүүгө негизделген аял-лидерлердин туруктуу коомчулугун калыптандырууга өбөлгө түзүп, Кыргызстанда гендердик теңчиликти жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоого маанилүү салым кошууда.