Ошто аялдардын климаттык туруктуулугу жана тынчтыкты чыңдоо маселелери талкууланды
2026-жылдын 29-июнунда Ош шаарында «Фергана өрөөнүндөгү аялдардын климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугу, адаптациясы жана тынчтыкты чыңдоо» долбоорунун алкагында «Тынчтык булагы – климаттык жана суу коопсуздугу үчүн аялдар» тармагынын аймактык жолугушуусу ийгиликтүү өттү.
Иш-чарага Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан аял лидерлер, жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын адистери, климаттын өзгөрүшү, суу ресурстарын башкаруу жана тынчтыкты чыңдоо багытында иш алып барган эксперттер, ошондой эле өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө климаттын өзгөрүшүнүн жергиликтүү жамааттарга тийгизген таасири, суу ресурстарын туруктуу башкаруу, аялдардын чечим кабыл алуу процесстериндеги ролу жана климаттык чакырыктарга жооп берүүдө аймактар аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери кеңири талкууланды.
Катышуучулар Кыргызстандагы тармактык кызматташуунун ийгиликтүү тажрыйбалары менен бөлүшүп, аялдардын лидерлигин өнүктүрүү, социалдык ынтымакты бекемдөө жана жергиликтүү демилгелерди колдоо боюнча пикир алышты. Практикалык иштердин жүрүшүндө тармактын төрт артыкчылыктуу багыты боюнча жаңы долбоордук идеялар иштелип чыгып, аларды аймактарда биргелешип ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Жолугушууда ошондой эле БУУӨП тарабынан климаттын өзгөрүшүнө адаптация жана ирригация боюнча сунушталган гранттык мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берилди. Мындан тышкары, БИОМ экологиялык өнүктүрүү борборунун гранттык программалары тааныштырылып, катышуучулар долбоорлорду даярдоо боюнча топтук тапшырмаларды аткарышты.

Иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгүндө облустук координаторлор өз аймактарында аткарылган иштер тууралуу отчет беришти. Ошондой эле тармактын уюштуруу маселелери каралып, аймактык жетекчи шайланды, ички кызматташуу механизмдери талкууланды жана алдыдагы мезгилге карата биргелешкен иш-чаралардын планы бекитилди.
Жолугушуу аялдардын климаттык өзгөрүүгө туруктуулугун жогорулатуу, суу коопсуздугун камсыздоо жана Фергана өрөөнүндө тынчтыкты бекемдөөгө багытталган өнөктөштүктү чыңдоодо маанилүү кадам болду. Катышуучулар мындай аянтчалар тажрыйба алмашууга, жаңы демилгелерди иштеп чыгууга жана аймактар ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө кеңири мүмкүнчүлүк түзөрүн белгилешти.
Жолугушуу БУУнун Тынчтыкты куруу фондусунун колдоосу менен БУУӨП жана «БИОМ» Экологиялык Кыймылы» коомдук бирикмеси менен өнөктөштүктө ишке ашырылып жаткан «Фергана өрөөнүндөгү аялдар климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту орнотууда, ага ыңгайлашууда жана тынчтыкты курууда алдыңкы катарда» долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.
Жолугушуу жөнүндө репортаж: https://youtu.be/_7Z5i27U3A8?si=5Y8KPd-Mgkbtits-