Көрүүсү начарлар үчүн версия
“Майыптыгы бар аялдар: тоскоолдуксуз лидерлик” пресс-кафеси

2026-жылдын 2-мартында Бишкек шаарында 8-март Эл аралык аялдар күнүнө карата уюштурулган «Майыптыгы бар аялдар: тоскоолдуксуз лидерлик» аттуу пресс-кафе болуп өттү. 2026-жылы Эл аралык аялдар күнү дүйнөлүк «Укуктар. Адилеттүүлүк. Бардык аялдар жана кыздар үчүн аракеттер» деген теманын алдында өтүүдө. Бул тема майыптыгы бар аялдардын кызмат көрсөтүүлөргө жана коомдук жыргалчылыктарга бирдей жеткиликтүүлүгү инклюзивдүү өнүгүүнүн ачкычы экенин баса белгилейт.

Иш-чара майыптыгы бар аялдарды, КР ЖК депутаттарын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, жалпыга маалымдоо каражаттарын, жарандык коом уюмдарын, эл аралык өнөктөштөрдү, ошондой эле медиа жана гендердик эксперттерди бириктирген диалог үчүн ачык аянтча болуп калды. Пресс-кафе форматы журналисттер үчүн атайын уюштурулуп, майыптыгы бар аялдардын лидерлик маселелерине кошумча көңүл буруу жана ЖМКда теманы сапаттуу жана сезимтал чагылдырууну күчөтүү максатын көздөдү.

Демилге Өкмөттүн 2023–2030-жылдарга Кыргыз Республикасындагы майыптыгы бар адамдар жана калктын башка мобилдүүлүгү чектелген топтору үчүн «Жеткиликтүү өлкө» мамлекеттик программасына ылайык келет жана майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө Конвенциянын жоболорун ишке ашырууга көмөктөшөт. Майыптыгы бар аялдардын укуктарын колдоо жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү мамлекеттин теңчиликти, басмырлоону болтурбоону жана коомдук турмушка толук кандуу катышууну камсыз кылуу боюнча милдеттенмелери менен түздөн-түз байланыштуу.

Иш-чараны ачып жатып, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча мандаттын алкагында иш алып барып, майыптыгы бар аялдардын укуктарын коргоого системалуу мамиле жасоонун жана биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгиледи.

 

Ал Омбудсмен институту мындан ары да майыптыгы бар адамдардын, анын ичинде кыздардын жана аялдардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүүнү ырааттуу түрдө ишке ашырарын баса белгиледи. Анын айтымында, бул иш системалуу тоскоолдуктарды аныктоого жана мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн конкреттүү, практикага багытталган сунуштарды иштеп чыгууга багытталган.

Мониторингдин жыйынтыгы укуктарды ишке ашыруунун учурдагы абалына объективдүү баа берүүгө, учурдагы кемчиликтерди аныктоого жана негизги социалдык жана коомдук кызматтарга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча комплекстүү чараларды күчөтүүгө мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.

 «Бүгүн биз  сакталып калган тоскоолдуктарга карабастан, коомдук турмушка активдүү катышып, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп жаткан майыптыгы бар аялдар жөнүндө айтып жатабыз Кеп ар бир адамдын тең укуктуулугун жана тең укуктарын сөзсүз таануу жөнүндө болуп жатат. Теңдик жана инклюзия принциптери декларацияланып гана тим болбостон, мыйзамдарда, укук колдонуу практикасында жана коомдун күнүмдүк турмушунда реалдуу жана ырааттуу чагылдырылышы керек», — деп баса белгиледи Жамиля Жаманбаева.

 

КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары, майыптыгы бар адамдарды колдоо жаатында мамлекеттик саясатты жана программаларды ишке ашыруучу ведомствонун өкүлү Айнура Орозбаева социалдык кызматтарга, иш менен камсыз болууга жана социалдык коргоо механизмдерине жеткиликтүүлүктү кеңейтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди: «Биз тоскоолдуксуз чөйрөнү түзүүгө жана майыптыгы бар аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган чараларды ырааттуу түрдө киргизип жатабыз. “Жеткиликтүү өлкө” мамлекеттик программасы – бул декларациялардан адамдардын жашоосундагы практикалык өзгөрүүлөргө өтүүгө мүмкүндүк берген конкреттүү курал».

Матильда Богнер, БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азия боюнча аймактык өкүлү

«БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Фолькер Тюрктүн “Адам укуктары – чечимдерге жол” деген көз карашын жетекчиликке алып, БУУнун адам укуктары боюнча механизмдери, анын ичинде майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча БУУнун атайын баяндамачысы Кыргызстан үчүн төмөнкүдөй артыкчылыктарды так белгилешти: сот адилеттигине тоскоолдуксуз жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, майыптыгы бар аялдардын муктаждыктарын эске алуу үчүн дезагрегацияланган маалыматтарды чогултуу, ошондой эле стереотиптерсиз жана боорукерликсиз медиада инклюзивдик стандарттарды түзүү. Бул сунуштардын ар бир аялдын укуктарын жана кадыр-баркын реалдуу коргоого канчалык деңгээлде ишке ашырылышы мамлекеттин, эксперттердин жана журналисттик коомчулуктун биргелешкен аракеттеринен көз каранды», – деп белгиледи Матильда Богнер, БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азия боюнча аймактык өкүлү.

Жогорку Кеңештин депутаттары Токтобүбү Ашымбаева, Гүлнара Баатырова, Айгүл Ахмедова да куттуктоо сөздөрү менен чыгып сүйлөшүп, гендердик жана инклюзивдик аспектилерди эске алуу менен мыйзамдарды өркүндөтүү зарылдыгын белгилешти.

Иш-чарага өзгөчө маанайды “Теңдик” КБнын жетекчиси Гүлмира Казакунованын сөзү берди. Ал “Бизсиз биз жөнүндө эч нерсе” принцибинин маанилүүлүгүн белгиледи: “Майыптыгы бар аялдар чечим кабыл алууга толук кандуу катышуучу болушу керек. Биздин тажрыйбабыз, билимибиз жана лидерлигибиз – өлкөнүн өнүгүүсү үчүн ресурс. Инклюзия аялдардын чыныгы катышуусусуз мүмкүн эмес”.

Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар инклюзивдүү саясатты илгерилетүү, майыптыгы бар аялдардын өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын таануу, ошондой эле ЖМКда майыптуулук жана гендер темаларын туура жана этикалык чагылдыруу маселелерин талкуулашты.  Медианын коомдук кабылдоону калыптандыруудагы жана стереотиптерди жоюудагы ролуна өзгөчө көңүл бурулду.

«ММКда майыптуулукту туура чагылдыруу «тууралык» үчүн гана эмес, коомдун ой жүгүртүүсүн өзгөртүү үчүн да маанилүү. ММК майыптуулук жөнүндө аёо сезими же баатырлашуу аркылуу эмес, укуктук мамиле аркылуу сөз кылганда, бул: көңүлдү «адамдын көйгөйүнөн» коомдогу тоскоолдуктарга бурат жана майыптыгы бар адамдарды жардамга муктаж объект катары эмес, укук субъектиси катары көрүүгө жардам берет. Ошондой эле ал «алсыздык» жана «өзгөчөлүк» жөнүндөгү стереотиптерди жок кылат жана адамдардын кадыр-баркына, тандоосуна жана үнүнө урмат-сыйды калыптандырат», – деп билдирди Укей Мураталиева журналисттерге ММКда майыптуулук жөнүндө сессияны тартуулап жатып.

Пресс-кафенин алкагында “Доорду өзгөрткөн аялдардын лидерлиги – 100 жыл” медиа-кампаниясынын алкагында даярдалган жана сайтта жарыяланган майыптуулугу бар аял лидерлердин тарыхы тартууланды. https://100women.awli.kg/rus.

Берилген окуялар майыптыгы бар аялдардын аймактарды өнүктүрүүгө, ишкердикке, билим берүүгө, коомдук ишмердүүлүккө жана инклюзивдик баалуулуктарды жайылтууга кошкон салымын ачык көрсөттү.

Пресс-кафе майыптыгы бар аялдардын лидерлиги норма катары кабыл алынган, ал эми тоскоолдуктарды жоюу мамлекеттин, жарандык коомдун жана эл аралык өнөктөштөрдүн жалпы жоопкерчилиги катары каралган коомду калыптандырууга дагы бир кадам болду.

Пресс-кафе Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) тарабынан Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, “Социалдык технологиялар агенттиги” коомдук уюму менен биргеликте Европа Биримдигинин, БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын, БУУӨП жана Финляндиянын ТИМинин колдоосу менен уюштурулган.