SheLeads Next – Кызыңыздын өзүнө ишеничин арттырууга, укуктарын билүүгө жана бизнес-консультациялар менен укуктук жардам аркылуу өз алдынча, өзүнө ишенген лидер болуп чыгышына көмөкчү болгон уникалдуу программа.

Программа Кыргызстандагы алдыңкы бизнес-трекерлер, психологдор, гендердик эксперттер жана юристтер менен өнөктөштүктө «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмеси (www.sta.kg) тарабынан иштелип чыккан. Бул программа өз ишин өнүктүрүүнү каалаган ишкер айымдар үчүн арналган жана аларга мүмкүнчүлүк берет:
-
Бизнести өнүктүрүү жана кеңейтүүгө;
-
Баалуу тажрыйбаларын кыздарына өткөрүп берүүгө;
-
Аларда лидерлик сапаттарды жана өзүнө ишеничти тарбиялоого;
-
Кыздарын өз алдынчалыкка жана ийгиликтүү болууга даярдоо (бизнесте жана жашоодо);
-
Өз укуктарын билүү жана коргоого;
-
Патриархалдык чөйрөдөгү социалдык басымдарды жана тоскоолдуктарды жеңилдик менен жеңип өтүүгө.
Программа ким үчүн?
-
Өзүнүн бизнеси бар жана ага кызын да тартууну каалаган ишкер айымдар;
-
Кыздары (16–25 жашта), жогорку класстарда же колледжде окуп жүргөн, ишкердикке, лидерликке жана өнүгүүгө кызыккан жаштар.
Программанын компоненттери:
- Бизнес-блок (трекинг жана консультациялар)
- Бизнести өнүктүрүү боюнча жеке жана топтук сессиялар.
- Апалар менен кыздар үчүн биргелешкен тапшырмалар: бизнес-кейс үстүндө иштөө, жаңы идеяларды ишке ашыруу.
- Өспүрүмдөрдө лидерлик жөндөмдөрдү жана ишкердик ой жүгүртүүнү өнүктүрүү.
- Психологиялык колдоо
- Стрессти жеңилдетүү жана чарчоонун алдын алуу үчүн сессиялар.
- Апалар менен кыздардын гармониялуу муундар аралык өз ара аракеттенүүсү үстүндө иштөө.
- Өспүрүмдөрдүн өзүнө ишеничин жана лидерлик сапаттарын өнүктүрүү үчүн көнүгүүлөр.
- Юридикалык жана укуктук колдоо
- Бизнес жүргүзүүнүн укуктук аспектилери, эмгек жана салык мыйзамдары боюнча консультациялар.
- Аялдардын укуктарын коргоо жана аялдардын лидерлигин өнүктүрүү боюнча тематикалык сессиялар.
- Социалдык басым жана тоскоолдуктарды кантип жеңүү боюнча практикалык сунуштар.
Формат жана узактыгы
- Узактыгы: 3 ай.
- Ыңгайлуу формат: офлайн-старт (таанышуулар жана интенсив), андан кийин онлайн-сабактар (жумасына 1–2 жолу).
- Биринчи жолугушуу — диагностикалык: катышуучулардын суроо-талабын аныктоо жана жеке жол картасын түзүү.
- Катышуучулардын жетишкендиктерин жана өсүшүн үзгүлтүксүз мониторинг кылуу.
Программанын артыкчылыктары
- Энени жана кызды бирдиктүү билим берүү процессинде бириктирген алгачкы уникалдуу программа.
- Көп тармактуу команда: бизнес-трекерлер, юристтер, психологдор, эксперттер.
- Практикалык жыйынтык: апанын бизнесинин өсүшү жана кыздын лидерлик жөндөмдөрүнүн калыптанышы.
- Жамааттык колдоо: башка ишкер үй-бүлөлөр менен нетворкинг.
Катышуучулар үчүн баалуулук
Энелер үчүн:
- бизнесин чыңдоо;
- юридикалык коргоо;
- жаңы башкаруу куралдары;
- социалдык басымды жеңүүдө колдоо.
Кыздар үчүн:
- лидерлик жөндөмдөр;
- бизнес-процесстерди түшүнүү;
- өзүнө ишенич жана ишкердикке даярдык.
Үй-бүлө үчүн:
- ишенимди чыңдаган,
- баарлашууну жакшырткан,
- мураскерликти бекемдеген биргелешкен долбоор.
Баасы: айына болгону 25 300 сом (биринчи агым үчүн гана!)
Катталуу үчүн шилтеме: https://forms.gle/XnymtyNSmXW4xYd89