2025-жылдын 10-июнунда «Гендер жана майыптуулук» темасына арналган кезектеги тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чара гендердик инклюзивдүүлүктү жана майыптыгы бар адамдардын укуктарын илгерилетүүгө багытталды.
Иш-чарага мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарынын өкүлдөрү, жарандык коомдун активисттери, ошондой эле майыптыгы бар адамдардын уюмдарынын мүчөлөрү катышты. Катышуучулар бул жааттагы көйгөйлөрдү жана аларды чечүүнүн жолдорун чогуу талкуулашты.

Квалификациялуу эксперттер тарабынан гендердик теңдик, жеткиликтүүлүк, жана укуктук реформа жаатындагы баяндамалар сунушталып, катышуучулардын кызыгуусун жаратты. Алар ишенимдүү маалыматтарга таянып, майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын социалдык жана укуктук абалын жакшыртуу үчүн мыйзамдык базага өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгын белгилешти.
Тегерек столдун жүрүшүндө катышуучулардын кеңири талкуусунун негизинде, гендердик жана майыптуулук маселелерин мыйзам деңгээлинде интеграциялоо үчүн үч негизги мыйзамдык акт тандалып алынды. Бул документтер мындан ары тиешелүү өзгөртүүлөрдү сунуштоо жана адвокация иштерин жүргүзүү үчүн негиз болуп кызмат кылат.

Бул иш-чара майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын үнүн угуу, укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле гендердик адилеттүүлүккө жетишүү жолунда системдүү чараларды кабыл алуу максатын көздөдү.