Бишкекте Министрлер Кабинетине караштуу Майыптыгы бар адамдардын кеңешинин кезектеги жыйыны өттү.Кеңештин жыйынына БУУнун Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча атайын баяндамачысы Хеба Хаграсс да катышты.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова өз сөзүндө “Мамлекет башчысы жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан майыптык маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда. Биздин өлкөдө инклюзия маселелерин илгерилетүү боюнча маанилүү түзүм болуп майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча Кеңеш саналат. Бул кеңеш майыптыгы бар жарандардын өзүнө, ал эми алар менен иштеген уюмдарга чечим кабыл алууга катышууга мүмкүнчүлүк берет.
Мындай уюмдардын мамлекеттик финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык кызматтарды өнүктүрүү максатында мамлекеттик социалдык заказ ишке ашырылууда ” – деди.
Кеңешмеде Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан ” InKoom- Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү” долбоорунун алкагында майыптыгы бар аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча “Назик Кыз” майыптыгы бар кыздардын коомдук бирикмеси жана Кыргыз сот аялдарынын ассоциациясы менен биргеликте майыптыгы бар аялдарды зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча өткөрүлүп жаткан субгранттар боюнча маалымат берилди.