Көрүүсү начарлар үчүн версия
Зульфия Кочорбаева аялдардын кесип жана хобби тандоодогу чектөөлөрү жөнүндө

“Социалдык технологиялар агенттиги” КБ синин жетекчиси Зульфия Кочорбаева KaktusMedia ЖМКсындагы маегинде, аялдар менен кыздардын кесип жана хобби тандоодо теңсиздик түрүндөгү көп кездешкен чектөөлөрүнүн себептерин атады.

Эксперт маселе спорттун түрлөрүн аялдардыкы жана эркектердики деп бөлүүдө жатканын белгилейт.

“Ооба, бүгүнкү күндө бул бөлүнүү кайра каралууга муктаж. Буга чейин эркектер үчүн гана болгон спорттун айрым түрлөрү аялдар үчүн жеткиликтүү болуп калганын көп угуп жатабыз”, – дейт Көчөрбаева.

Бирок процесс өтө жай жүрүп жатат. Бул арада мамлекет салттуу түрдө эркектерге тиешелүү деп саналган спорт түрлөрүнө активдүү колдоо көрсөтүүдө.

“Азыр кайсы айылда же кайсы мектепте болбосун футбол ойной турган стадиондор бар. Бирок ошол эле учурда кыздар активдүү катыша турган спорттун түрлөрү – теннис же волейбол аянтчалары бир топ аздык кылат”, – деп белгилейт Көчөрбаева.

Ал ошондой эле эң чоң акчалай байгелер менен массалык мелдештер адатта эркектерге тиешелүү спорт түрлөрү боюнча өткөрүлө тургандыгына көңүл бурууга чакырат.

“Бул бүгүнкү күндө балдарды бир жактуу колдоо бар экенинен кабар берет. Эгер кыздар спорт менен машыгууну кааласа, адатта, алар акы төлөнүүчү ийримдерге барышат, алыс жолду басып ийримдерге барууга туура келет же машыктыруучулар аз”, – дейт Көчөрбаева.

Макаланы толук бул шилтеме менен өтүп, окусаңыздар болот.