Көрүүсү начарлар үчүн версия
Бактыгуль Исланбекова Жамааттык ЖМКлар Бирлиги тарабынан сыйланды

2023-жылдын 11-ноябрында Кыргызстанда Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин  мүчөлөрүнүн жыл жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Конференцияга «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмесинин программалык координатору Бактыгүл Исланбекова чакырылып, «Гендердик теңчилик» долбоорунун алкагында Жамааттык ЖМКлар Бирлиги менен активдүү кызматташкандыгы үчүн диплом менен сыйланды.

Назира Жусупова Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин жетекчиси

Жыл бою Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин журналисттери Кыргыз Республикасынын аймактарында гендердик теңчилик жөнүндө макалаларды жазышты. Долбоордун алкагында көз карандысыз гендердик эксперттер айрым темалар боюнча баа берип, сунуштарын беришкен. Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин директору Назира Жусупова эксперт Бактыгүл Исланбековага гендердик теңчилик маселелери боюнча журналисттер менен кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирип, уюм менен мындан аркы кызматташуусун улантууга даяр экендигин белгиледи.

Жамааттык ЖМК Бирлигинин мүчөлөрү

Жамааттык ЖМКлар Бирлиги – Кыргызстандагы бардык жамааттык маалымат каражаттарын бириктирген коммерциялык эмес уюм. Жамааттык ЖМКлар Бирлиги 2013-жылы түзүлгөн жана маанилүү темаларды, көйгөйлөрдү чагылдыруу, жергиликтүү бийлик органдарынын жашоо деңгээлин жана сапатын жакшыртуу максатында жарандар менен жергиликтүү бийлик органдарынын активдүү диалогу аркылуу жергиликтүү жамааттардын туруктуу өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүгө багытталган.Бирликтин мүчөлөрү- бул Кыргызстандын бардык аймактары боюнча 4 жамааттык үналгы жана 27 жамааттык мультимедиа борборлор болуп саналат.