Көрүүсү начарлар үчүн версия
Биригели! Аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун алдын алууга колдоо көрсөтөлү

24-ноябрда Кыргызстандагы БУУнун Аялдар түзүмү тарабынан гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниясынын ачылышы боюнча улуттук иш-чара өткөрүлдү.

Кампания 25-ноябрда Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө башталып, 10-декабрда Адам укуктарын коргоо эл аралык күнүндө аяктаган жыл сайын кайталанган эл аралык демилге.

Жыл сайын кампаниянын темасы өзгөрүп турат, быйылкы тема “Биригели! Аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун алдын алууга колдоо көрсөтөлү” деп аталган. Кампания баардык тармактардагы кызыкдар тараптарды, анын ичинде Өкмөттү, жарандык коом уюмдарын, эл аралык уюмдарын, жеке секторду, эл аралык каржы институттарын бириктирип, аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу үчүн биргелешип иш алып барууга багытталган.

Быйылкы кампания дүйнө жүзүндөгү бүт өкмөт жана жеке сектор өкүлдөрүн гендердик зомбулуктун алдын алууга кандай жол менен каржылык салым кошкону тууралуу бөлүшүүгө чакырат.

Социалдык технологиялар агенттигинин директору Зульфия Кочорбаева иш-чаранын ачылыш аземинин модератору болду. Иш-чараны ачылышында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин вице-спикери Жамиля Исаева, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы ыйгарымдуу өкүлү Мэрилин Йозефсон, «Байра» мода брендинин ээси Толгонай Керимкулова кампаниянын маанилүүлүгүн белгилөө менен биргеликте гендердик зомбулукту алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүү зарылчылыгын айтышты.

Бул кампаниянын алкагында жылдын аягына чейин, бүткүл өлкө боюнча аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча иш-чаралар өткөрүлөт.