Новости KG

Аял ишкерлер жана алардын кыздары үчүн «SheLeads Next — кызыңды корго!» окутуу программасы башталды.

SheLeads Next – Кызыңыздын өзүнө ишеничин арттырууга, укуктарын билүүгө жана бизнес-консультациялар менен укуктук жардам аркылуу өз алдынча, өзүнө ишенген лидер болуп чыгышына көмөкчү болгон уникалдуу программа.
Программа Кыргызстандагы алдыңкы бизнес-трекерлер, психологдор, гендердик эксперттер жана юристтер менен өнөктөштүктө «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмеси (www.sta.kg) тарабынан иштелип чыккан. Бул программа өз ишин өнүктүрүүнү каалаган ишкер айымдар үчүн арналган жана аларга мүмкүнчүлүк берет:
  • Бизнести өнүктүрүү жана кеңейтүүгө;

  • Баалуу тажрыйбаларын кыздарына өткөрүп берүүгө;

  • Аларда лидерлик сапаттарды жана өзүнө ишеничти тарбиялоого;

  • Кыздарын өз алдынчалыкка жана ийгиликтүү болууга даярдоо (бизнесте жана жашоодо);

  • Өз укуктарын билүү жана коргоого;

  • Патриархалдык чөйрөдөгү социалдык басымдарды жана тоскоолдуктарды жеңилдик менен жеңип өтүүгө.

Программа ким үчүн?
  • Өзүнүн бизнеси бар жана ага кызын да тартууну каалаган ишкер айымдар;

  • Кыздары (16–25 жашта), жогорку класстарда же колледжде окуп жүргөн, ишкердикке, лидерликке жана өнүгүүгө кызыккан жаштар.

Программанын компоненттери:
  1. Бизнес-блок (трекинг жана консультациялар)
    • Бизнести өнүктүрүү боюнча жеке жана топтук сессиялар.
    • Апалар менен кыздар үчүн биргелешкен тапшырмалар: бизнес-кейс үстүндө иштөө, жаңы идеяларды ишке ашыруу.
    • Өспүрүмдөрдө лидерлик жөндөмдөрдү жана ишкердик ой жүгүртүүнү өнүктүрүү.
  2. Психологиялык колдоо
    • Стрессти жеңилдетүү жана чарчоонун алдын алуу үчүн сессиялар.
    • Апалар менен кыздардын гармониялуу муундар аралык өз ара аракеттенүүсү үстүндө иштөө.
    • Өспүрүмдөрдүн өзүнө ишеничин жана лидерлик сапаттарын өнүктүрүү үчүн көнүгүүлөр.
  3. Юридикалык жана укуктук колдоо
    • Бизнес жүргүзүүнүн укуктук аспектилери, эмгек жана салык мыйзамдары боюнча консультациялар.
    • Аялдардын укуктарын коргоо жана аялдардын лидерлигин өнүктүрүү боюнча тематикалык сессиялар.
    • Социалдык басым жана тоскоолдуктарды кантип жеңүү боюнча практикалык сунуштар.
Формат жана узактыгы
  • Узактыгы: 3 ай.
  • Ыңгайлуу формат: офлайн-старт (таанышуулар жана интенсив), андан кийин онлайн-сабактар (жумасына 1–2 жолу).
  • Биринчи жолугушуу — диагностикалык: катышуучулардын суроо-талабын аныктоо жана жеке жол картасын түзүү.
  • Катышуучулардын жетишкендиктерин жана өсүшүн үзгүлтүксүз мониторинг кылуу.
Программанын артыкчылыктары
  • Энени жана кызды бирдиктүү билим берүү процессинде бириктирген алгачкы уникалдуу программа.
  • Көп тармактуу команда: бизнес-трекерлер, юристтер, психологдор, эксперттер.
  • Практикалык жыйынтык: апанын бизнесинин өсүшү жана кыздын лидерлик жөндөмдөрүнүн калыптанышы.
  • Жамааттык колдоо: башка ишкер үй-бүлөлөр менен нетворкинг.
Катышуучулар үчүн баалуулук
Энелер үчүн:
  • бизнесин чыңдоо;
  • юридикалык коргоо;
  • жаңы башкаруу куралдары;
  • социалдык басымды жеңүүдө колдоо.
Кыздар үчүн:
  • лидерлик жөндөмдөр;
  • бизнес-процесстерди түшүнүү;
  • өзүнө ишенич жана ишкердикке даярдык.
Үй-бүлө үчүн:
  • ишенимди чыңдаган,
  • баарлашууну жакшырткан,
  • мураскерликти бекемдеген биргелешкен долбоор.
Баасы: айына болгону 25 300 сом (биринчи агым үчүн гана!)
Катталуу үчүн шилтеме: https://forms.gle/XnymtyNSmXW4xYd89