Версия для слабовидящих
Тоскоолдуктарды жоюу: ар бир адамга колдоо

Аялдар менен кыздар аялуу болгон тармактардын бири-гендердик зомбулук. Мурда аялдардын укуктарына карата кабыл алынган концептуалдык мамиледе алардын турмуш чындыгы жана аялдар системалуу түрдө зордук-зомбулукка, дискриминацияга жана кысымга кабылып жаткандыгы эске алынган эмес. Ошондуктан, салыштырмалуу жакынкы мезгилге чейин аялдардын чыныгы абалы адам укуктарына тиешелүү ченемдердин системасында адекваттуу чагылдырылган эмес. Активисттердин ишмердүүлүгү, укук коргоо механизмдеринин иши жана мамлекеттердин күч-аракеттери адам укуктары жаатындагы нормалар системасын кеңейтүүдө жана оңдоодо чечүүчү ролду ойноду, анткени ал бул укуктардын бузулушунун өзгөчө гендердик аспектилерин эске алууга мүмкүндүк берет жана ошону менен аялдарга кыйла ишенимдүү коргоону камсыз кылат.