Версия для слабовидящих
Майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын укуктарын гендердик басмырлоодон жана зомбулуктан коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана укук колдонуу практикасы жөнүндө аналитикалык жазма

Аялдарга карата зомбулук жалпысынан латенттүү мүнөзгө ээ. Ал, адатта, аял жардам алуу жана коргоо үчүн кайрылганда гана белгилүү болот. Майыптыгы бар аялдар/кыздарга карата зомбулук – андан да жашыруун көрүнүш, аны аныктоо кыйын, анткени майыптыгы, жашы, жашаган жери, билим деңгээли жана башка критерийлер боюнча маалыматтар жок.