Басылма эӊ биринчи кезекте аялдарга жана кыздарга карата санариптик зомбулук жаатындагы маалыматтуулукту жогорулатууга, коомдук талкууга түрткү берүүгө, алдын алуу жана жооп кайтаруу чараларын жогорулатууга багытталган. «Санариптик зомбулук» термини Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында азырынча бекитиле элек болсо да, анын айрым көрүнүштөрү учурдагы ченемдер менен жөнгө салынууда. Бул документ мындан аркы адвокацияга, окутууга жана гендердик зомбулуктун бул түрүнө каршы аракеттерди көрүүнү жакшыртууга негиз катары кызмат кыла алат.