Бишкекте майыптыгы бар аялдарга карата гендердик зомбулукту мониторинг жүргүзүү жана документтештирүү боюнча тренинг өттү
2026-жылдын 31-мартында Бишкек шаарында «Майыптыгы бар аялдарга карата гендердик зомбулукту мониторинг жүргүзүү жана документтештирүү» темасында тренинг өттү .
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту тарабынан мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен уюштурулду
Тренингге төмөнкү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты: ички иштер органдары, прокуратура, адвокатура, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Юстиция министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Агартуу министрлиги, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Улуттук статистика комитети, Бала укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн институту жана Бишкек шаарынын мэриясы .
Мындай кеңири катышуу зомбулуктун алдын алуу, аныктоо жана ага жооп кайтаруу маселелеринде мекемелер аралык диалогду күчөтүүгө мүмкүндүк берди.
Тренингдин ачылышында төмөнкүлөр сөз сүйлөштү:
Айчурок Назаралиева, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары
Эннио Боати, БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Борбор Азиядагы өкүлүнүн орун басары
Алар өз сөздөрүндө майыптыгы бар аялдардын укуктарын коргоодо системалуу мамиленин маанилүүлүгүн жана мамлекеттик механизмдерге гендердик жана инклюзивдүү аспекттерди интеграциялоо зарылдыгын белгилешти.
Тренингдин программасы теориялык жана практикалык бөлүктөрдү айкалыштырды.
Сессиялардын алкагында катышуучулар:
гендердик жана социалдык теңчиликке болгон заманбап мамилелерди карап чыгышты
майыптык моделдерин жана алардын мамлекеттик саясатта колдонулушун үйрөнүштү
Акыйкатчы институтунда инклюзивдүү саясатты илгерилетүү боюнча тажрыйба менен таанышышты
майыптыгы бар адамдарды зомбулуктан коргоо маселелерин, анын ичинде мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын жана өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты
Ошондой эле гендердик жана социалдык көрсөткүчтөрдү статистикалык формаларга киргизүү менен маалыматтарды чогултуу, мониторинг жүргүзүү жана талдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Тренингдин маанилүү бөлүгү практикалык иштерге арналды. Катышуучулар: