Новости KG
Бишкекте «ДаткАйым» Улуттук өнөктүгүнүн алкагында насаатчылык аркылуу аялдардын лидерлигин өнүктүрүүгө арналган тренинг ийгиликтүү аяктады
			<description>Бишкек шаарында «Насаатчылык аркылуу аялдардын лидерлигин өнүктүрүү» аттуу үч күндүк тренинг ийгиликтүү жыйынтыкталды. Окутуу 2026-жылдын 1–3-июль күндөрү Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин колдоосу менен «ДаткАйым» Улуттук өнөктүгүнүн…</description>
«ДАТКАЙЫМ» АЯЛДАРДЫН САЯСИЙ ЛИДЕРЛИГИНИН УЛУТТУК ПЛАТФОРМАСЫ НАСААТЧЫЛЫК ПРОГРАММАСЫН ИШКЕ КИРГИЗЕТ
			<description>ДаткАйым» аялдардын саясий лидерлигинин улуттук платформасы «Саясаттагы аялдар» аттуу насаатчылык программасына катышуу үчүн ментор айымдарды тандоо боюнча ачык сынактын башталганын жарыялайт.</description>
Ош шаарында «ДаткАйым» Улуттук өнөктүгүнүн алкагында насаатчылык аркылуу аялдардын лидерлигин өнүктүрүүгө арналган тренинг ийгиликтүү аяктады
			<description>2026-жылдын 22–24-июнь күндөрү Ош шаарында «Насаатчылык аркылуу аялдардын лидерлигин өнүктүрүү» аттуу үч күндүк тренинг ийгиликтүү өттү.</description>
Ошто аялдардын климаттык туруктуулугу жана тынчтыкты чыңдоо маселелери талкууланды
			<description>2026-жылдын 29-июнунда Ош шаарында «Фергана өрөөнүндөгү аялдардын климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугу, адаптациясы жана тынчтыкты чыңдоо» долбоорунун алкагында «Тынчтык булагы – климаттык жана суу коопсуздугу үчүн аялдар» тармагынын аймактык…</description>
Бишкекте майыптыгы бар аялдарга карата гендердик зомбулукту мониторинг жүргүзүү жана документтештирүү боюнча тренинг өттү
			<description>2026-жылдын 31-мартында Бишкек шаарында «Майыптыгы бар аялдарга карата гендердик зомбулукту мониторинг жүргүзүү жана документтештирүү» темасында тренинг өттү .</description>
Бишкекте инклюзивдүү жана гендердик сезимтал журналистиканын стандарттары боюнча тренинг өттү
			<description>2026-жылдын 27-мартында Бишкек шаарында «Инклюзивдүү жана гендердик сезимтал журналистиканын стандарттары» аттуу тренинг өтүп, өлкөнүн бардык аймактарынан келген журналисттерди, блогерлерди жана медиа өкүлдөрдү бириктирди.</description>
Кыргызстандын бардык аймактарынан журналисттерди жана блогерлерди «Инклюзивдүү гендердик сезимтал журналистиканын стандарттары» тренингине чакырабыз
			<description>В Бишкеке пройдет специализированный тренинг для представителей медиа, посвященный современным стандартам инклюзивной и гендерно-чувствительной журналистики.</description>
“Майыптыгы бар аялдар: тоскоолдуксуз лидерлик” пресс-кафеси
			<description>2026-жылдын 2-мартында Бишкек шаарында 8-март Эл аралык аялдар күнүнө карата уюштурулган «Майыптыгы бар аялдар: тоскоолдуксуз лидерлик» аттуу пресс-кафе болуп өттү. 2026-жылы Эл аралык аялдар күнү дүйнөлүк «Укуктар. Адилеттүүлүк. Бардык аялдар…</description>
Стереотипсиз журналистика: медиага эмне үчүн жаңы оптика керек?
			<description>Вышло второе, дополненное издание учебного пособия «Стандарты инклюзивной гендерно-чувствительной журналистики». Это не просто академический текст для студентов факультетов журналистики — это попытка перезагрузить сам способ смотреть на общество…</description>
«Майыптыгы бар аялдар менен кыздардын зомбулуксуз жашоого болгон укугу: чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр» пресс-кафеси
			<description>2025-жылдын 2-декабрында Бишкекте зомбулукка дуушар болуп жаткан майыптыгы бар аялдар менен кыздардын укуктарын коргоо маселесине арналган пресс-кафе өткөрүлдү.</description>
Таласта майыптыгы бар аялдарды жана кыздарды зомбулуктан коргоо боюнча чаралар күчөтүлүүдө
			<description>Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмеси менен биргеликте гендердик теңчиликти илгерилетүү жана майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоо…</description>
Баткенде зомбулуктан жабыркаган майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоо боюнча семинар өттү
			<description>4-ноябрда Баткенде прокуратуранын, ички иштер органдарынын кызматкерлери, адвокаттар жана социалдык кызматкерлер үчүн зомбулуктан жабыр тарткан майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоого арналган семинар болуп өттү.</description>
Нарында Эмгек министрлигинин колдоосу менен майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоо боюнча иштер улантылууда
			<description>Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмеси менен биргеликте гендердик теңчиликти илгерилетүү жана мүмкүнчүлүгү чектелген аялдардын жана кыздардын укуктарын…</description>
«Теңдик» чындыкка айланганда: Кыргызстанда майыптыгы бар аялдарды коргоо боюнча жаңы колдонмо
			<description>2024-жылы судьялар, прокурорлор, адвокаттар жана социалдык кызматтар үчүн окуу-тажрыйбалык колдонмо жарык көрдү. Анын максаты — майыптыгы бар аялдарга карата зомбулук иштерин иликтөө жана кароо практикасын гана эмес, адилет сот жүргүзүүнүн…</description>
Аял ишкерлер жана алардын кыздары үчүн «SheLeads Next — кызыңды корго!» окутуу программасы башталды.
			<description>SheLeads Next - Кызыңыздын өзүнө ишеничин арттырууга, укуктарын билүүгө жана бизнес-консультациялар менен укуктук жардам аркылуу өз алдынча, өзүнө ишенген лидер болуп чыгышына көмөкчү болгон уникалдуу программа.</description>
Кыргыз Республикасында майыптыгы бар аялдардын укуктары: чакырыктар жана сунуштар
			<description>2024-жылы Кыргыз Республикасындагы майыптыгы бар аялдардын абалына арналган кеңири аналитикалык кат даярдалган. Документ майыптыгы бар аялдардын укуктарга, эркиндиктерге жана мүмкүнчүлүктөргө бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча конкреттүү…</description>
Зомбулук, кайдыгерлик жана адилеттик үчүн күрөш: зомбулуктан жабыркаган менталдык майыптыгы бар кыздын соттук окуясы
			<description>Менталдык майыптыгы бар жашы жете элек кызга карата зомбулук көрсөткөн окуя (2015–2023-жж.) дээрлик он жылга созулуп, укук коргоо, сот жана социалдык коргоо тармактарындагы бир катар системалык көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды.</description>
Майыптыгы бар аялдар жана кыздардын укуктарын кеңейтүү: Кыргызстанда зомбулук жана дискриминацияга каршы жаңы долбоор старт алды
			<description>«Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмеси (STA) Канаданын Жергиликтүү демилгелер фондунун (CFLI) колдоосу менен «Майыптыгы бар аялдар жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү: Кыргызстанда гендердик зомбулуктан коргоону…</description>
Кыргызстандын климаттык күн тартибине гендерге сезимтал ыкмаларды интеграциялоо
			<description>Бишкек шаарында мамлекеттик органдардын, эксперттердин жана жарандык коом өкүлдөрүнүн катышуусунда ОНУВ 3.0 долбоорундагы гендердик аспекттерди эске алуу боюнча улуттук консультациялар өткөрүлдү.</description>
Бишкекте Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча Кеңештин 18-отуруму болуп өттү
			<description>2025-жылдын 2-июлунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча Кеңештин 18-отуруму өткөрүлдү.</description>
«Гендер жана майыптуулук» темасында тегерек стол өткөрүлдү
			<description>2025-жылдын 10-июнунда «Гендер жана майыптуулук» темасына арналган кезектеги тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чара гендердик инклюзивдүүлүктү жана майыптыгы бар адамдардын укуктарын илгерилетүүгө багытталды.</description>
Кыргыз Республикасынын «Гендердик теңчилик маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча эксперттик консультациялар
			<description>2025-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын «Гендердик теңчилик маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча эксперттик консультациялар өткөрүлдү.</description>
Кыргызстанда инклюзивдүү жана адилеттүү коомду өнүктүрүүгө багытталган InKoom масштабдуу долбоорунун жыйынтыгы чыгарылды
			<description>26 марта 2025г. в Бишкеке подвели итоги проекта «InKoom – Содействие развитию справедливого и инклюзивного общества в Кыргызстане», реализованного ОО «Агентство социальных технологий» при финансовой поддержке Европейского Союза.</description>
Аялдардын укуктарын кеңейтүү: парламенттеги талкуунун негизги темасы
			<description>Жогорку Кеңеште гендердик теңчиликтин көйгөйлөрү боюнча маанилүү талкуу болду. Депутаттар, мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү Кыргызстанда аялдар менен кыздардын укуктарын кеңейтүү жолдорун талкуулашты. Иш-чаранын демилгечиси…</description>
Зордук-зомбулукка кабылган майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоо: өзгөчөлүктөрү жана ыкмалары
			<description>2024-жылдын 19-декабрында “Зордук-зомбулукка кабылган майыпnтыгы бар аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоонун өзгөчөлүктөрү” деген темада маалыматтык-консультациялык жолугушуу болуп өттү.</description>
Жалал-Абадда майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоонун өзгөчөлүктөрүнө арналган маалыматтык-кеңешме жыйыны өттү.
			<description>29-октябрда Жалал-Абад шаарында майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоонун өзгөчөлүктөрүнө арналган маалыматтык-кеңешме жыйыны өттү.</description>
Майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоо: учурдагы көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун талкуулоо
			<description>2024-жылдын 15-ноябрында Кыргыз Судьялардын Ассоциациясы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте "Зомбулукка кабылган майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын укугун коргоодогу өзгөчөлүктөр" темасын талкуулоого арналган маанилүү…</description>
Бишкекте Министрлер Кабинетине караштуу Майыптыгы бар адамдардын кеңешинин жыйыны өттү
			<description>Бишкекте Министрлер Кабинетине караштуу Майыптыгы бар адамдардын кеңешинин кезектеги жыйыны өттү.Кеңештин жыйынына БУУнун Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча атайын баяндамачысы Хеба Хаграсс да катышты.</description>
“Кыргызстанда аялдардын саясий активдүүлүгүн жана лидерлигин кантип күчөтүү керек?”
			<description>14-августта Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясында “Кыргызстанда аялдардын саясий активдүүлүгүн жана лидерлигин кантип күчөтүү керек?” деген темада облустук тегерек стол болуп өттү.</description>
Сокулукта аялдардын лидерлигин күчөтүү максатында облустук тегерек стол болуп өттү
			<description>2024-жылдын 13-августунда Чүй облусунун Сокулук айылында Кыргызстандагы аялдардын саясий активдүүлүгүн жана лидерлигин күчөтүү жолдорун талкуулаган тегерек стол болуп өттү.</description>
Бишкекте майыптыгы бар адамдардын социалдык-укуктук абалы боюнча жалпы республикалык викторина өткөрүлдү
			<description>2024-жылдын 15-июнунда Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын социалдык-укуктук абалы боюнча жалпы республикалык викторина өттү.</description>
Бишкекте майыптыгы бар адамдардын укугун коргогон уюмдар үчүн гендердик теңчиликти илгерилетүү боюнча тренинг өткөрүлдү.
			<description>Жакында Бишкек шаарында гендердик теңчиликти илгерилетүүгө арналган маанилүү тренинг болуп өттү. Тренингде өзгөчө көңүл майыптыгы бар адамдардын укуктарын активдүү коргогон уюмдарга бурулду.</description>
“Эркектер менен аялдардын бирдей укуктарынын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды талкуулоо боюнча
			<description>2024-жылдын 18-июнунда “Эркектер менен аялдардын бирдей укуктарынын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды талкуулоо үчүн Чүй облусу жана Бишкек…</description>
Кыргызстандагы майыптыгы бар жаштар үчүн адам укуктары жана адвокация боюнча мектеп
			<description>2024-жылдын 9-июлунан 11-июлуна чейин мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар үчүн адам укуктары жана адвокация боюнча мектеп өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргызстандагы 7 облустан келген, ар кандай түрдөгү майыптуулугу бар 18ден 35 жашка чейинки жаштар катышты.</description>
8-март Эл аралык тилектештик күнүнө карата лидер аялдардын жыйыны өттү
			<description>2024-жылдын 5-мартында Аялдардын Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы 8-март - Аялдардын укуктарын жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү эл аралык тилектештик күнүнө арналган лидер аялдардын жолугушуусун уюштурду.</description>
Аялдардын лидерлигин өнүктүрүү: көндүмдөр, стратегиялар жана колдоо
			<description>Бишкек шаарында Аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу максатында 2024-жылдын 25-сентябрынан 27-сентябрына чейин Аялдардын Лидерлигинин Онлайн Академиясынын бүтүрүүчүлөрү үчүн 3 күндүк тренинг өткөрүлдү.</description>
Кыргызстандагы санариптештирүү: өлкөдө майыптыгы бар аялдардын ишке орношуусуна зор түрткү берилет
			<description>22-октябрm “Технопарк” коворкинг-борборунда салтанаттуу азем өтүп, анда майыптыгы бар аялдарга заманбап компьютердик жабдуулар жана адистештирилген программалар берилди. Бул жабдуулар аялдарга санариптик кесиптерди өздөштүрүүгө жана эмгек…</description>
Талас облусунда Кыргызстанда гендердик теңчиликти камсыздоо боюнча аймактык консультациялар өттү
			<description>2024-жылдын 10-майында Талас облусунда “Эркектер менен аялдардын бирдей укуктарынын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнүн мамлекеттик кепилдиктери ж-ө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды талкуулоо үчүн Кыргызстанда гендердик…</description>
2025-2027-жылдарга гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук иш-аракеттер планынын долбоорун талкуулоо боюнча улуттук консультациялар
			<description>2024-жылдын 29-октябрында Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук стратегиясын ишке ашыруу максатында 2025-2027-жылдарга гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук иш-аракеттер планынын (УИП) долбоорун…</description>
2025-2027-жылдарга гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук иш-аракеттер
Майыптыгы бар адамдарга инфраструктура объекттеринин, коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү боюнча жыйын өткөрүлдү
			<description>2024-жылдын 4-июнунда InKoom долбоорунун командасы КР Министрлер Кабинетинин алдындагы майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча Кеңештин кезектеги отурумуна катышты.</description>
Аялдар лидерлиги онлайн академиясына катышуучуларды кабыл алуу жарыяланат
			<description>Кыргызстандын бардык аймактарынан лидерлик сапаттарын жогорулатууну каалаган лидер аялдар үчүн Аялдар лидерлиги онлайн академиясы ишке киргизилет.</description>
Аялдардын лидерлиги жана инклюзивдүүлүктүн маанилүүлүгү: майыптыгы бар аялдарды колдойлу!
			<description>2024-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде аялдардын лидерлиги жана анын заманбап коомго тийгизген таасири боюнча маанилүү диалог болуп өттү.</description>
Майыптыгы бар аялдар;
Түштүк региондордо гендердик теңдикти камсыз кылуу боюнча аймактык консультациялар өткөрүлдү
			<description>Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында «Кыргызстанда гендердик теңчиликти камсыз кылуу: кыйынчылыктар жана перспективалар» аттуу онлайн режиминде өткөн гендердик теңчиликти камсыз кылуу маселелерине байланышкан аймактык консультация болуп өттү.</description>
Ысык-Көл облусунда Гендердик теңчилик жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштарды талкуулоо боюнча аймактык кеңешмелер болуп өттү.
			<description>2024-жылдын 8-июнунда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында “Эркектер менен аялдардын бирдей укуктарынын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды…</description>
«Кыргызстанда гендердик теңчиликти камсыз кылуу: кыйынчылыктар жана перспективалар» онлайн кеңешме Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары үчүн өткөрүлдү
			<description>Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын өкүлчүлүктөрү менен гендердик теңчиликти камсыз кылуу маселелерине байланышкан онлайн режиминде «Кыргызстанда гендердик теңчиликти камсыз кылуу: кыйынчылыктар жана перспективалар» аймактык консультация өткөрүлдү.</description>
Тегерек стол: “Кыргызстандагы майыптыгы бар аялдарды жана кыздарды зомбулуктан сактоо жана коргоо: мыйзамдарды жана практикаларды анализдөө жана инклюзивдүү ыкмаларды ишке ашыруу боюнча сунуштар”
			<description>2024-жылдын 5-апрелинде майыптыгы бар аялдарды жана кыздарды зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө инклюзивдик ыкмалардын болушуна жана жетиштүүлүгүнө карата комплекстүү анализдөөнүн жыйынтыгы боюнча тегерек стол өткөрүлдү.</description>
КР Министрлер Кабинетине караштуу Майыптыгы бар адамдардын кеңешинин кезектеги отуруму өткөрүлдү
			<description>Бүгүн, 2024-ж. 19-мартта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Майыптыгы бар адамдардын кеңешинин кезектеги отуруму өткөрүлдү. Отурумда мамлекеттик органдардын жана майыптыгы бар адамдардын укугун коргогон коомдук уюмдардын…</description>
Кыргызстандын ЖОЖдорунда гендердик сезимталдык журналистиканын стандарттарына окутуу киргизилет.
			<description>2024-жылдын 22-февралында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана “Социалдык технологиялар агенттиги” коомдук бирикмеси “InKoom – адилеттүү жана инклюзивдик коомду өнүктүрүүгө көмөктөшүү” долбоорунун алкагында кызматташуу жөнүндө…</description>
Зульфия Кочорбаева Жогорку Кеңештин Ыраазычылык каты менен сыйланды
			<description>2024-жылдын 1-мартында Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Жамиля Исаева Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Социалдык технологиялар агенттигинин директору Зульфия Кочорбаевага Ыраазычылык кат тапшырды.</description>
Бишкекте “Эркектер менен аялдардын бирдей укуктарынын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жыйын өттү.
			<description>2024-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинде Эркектер менен аялдар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрүнүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ведомстволор…</description>
Жогорку Кеңеште “Доорду өзгөрткөн аял лидерлиги” аттуу диалог өттү
Армения менен Кыргызстандын ортосунда гендердик жана климаттык отчеттуулук боюнча тажрыйба жана мыкты практикалар менен алмашуу максатында вебинар өткөрүлдү.
Жогорку Кеңеште аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо, ошондой эле гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча талкуу болду.
“Гендердик зомбулуктан жабыркагандарга натыйжалуу жардам берүү үчүн ресурстарды мобилизациялоо” улуттук форуму
ПРЕСС-КАФЕ «Кыргызстандагы майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын абалы: чакырыктар жана перспективалар»
			<description>2023-жылдын 7-декабрында жыл сайын белгиленүүчү Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүнө карата жана гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниянын алкагында «Кыргызстандагы майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын абалы:чакырыктар жана…</description>
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН АЛДЫНДАГЫ ГЕНДЕРДИК ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА УЛУТТУК КЕҢЕШТИН ЖЫЙЫНЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
Зульфия Кочорбаева аялдардын кесип жана хобби тандоодогу чектөөлөрү жөнүндө
Бактыгуль Исланбекова Жамааттык ЖМКлар Бирлиги тарабынан сыйланды
Биригели! Аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун алдын алууга колдоо көрсөтөлү
Туруктуу өнүгүү максаттарынын максаттарына жетүу үчүн негиз катары УДАС жана “Жашыл экономика” программасы
120 бейөкмөт уюм “чет элдик өкүл” мыйзамын кабыл албоого чакырды
			<description>Жарандык коом өкүлдөрү Жогорку Кеңешти “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын кабыл албоого чакырып, кайрылуу жарыялашты.</description>
Бишкек шаарынын журналисттери, блогерлери жана ММК өкүлдөрү гендердик сезимтал журналистиканын стандарттарына окутулду
ЧҮЙ ОБЛУСУНУН ЖУРНАЛИСТТЕРИ, БЛОГЕРЛЕРИ ЖАНА ММК ӨКҮЛДӨРҮ ГЕНДЕРДИК СЕЗИМТАЛ ЖУРНАЛИСТИКАНЫН СТАНДАРТТАРЫ БОЮНЧА ОКУТУУДАН ӨТҮШТҮ
НАРЫН ОБЛУСУНУН ЖУРНАЛИСТТЕРИ, БЛОГЕРЛЕРИ ЖАНА ММК ӨКҮЛДӨРҮ ГЕНДЕРДИК СЕЗИМТАЛ ЖУРНАЛИСТИКАНЫН СТАНДАРТТАРЫ БОЮНЧА ОКУТУУДАН ӨТҮШТҮ
ОШ ОБЛУСУНУН ЖУРНАЛИСТТЕРИ, БЛОГЕРЛЕРИ ЖАНА ММК ӨКҮЛДӨРҮ ГЕНДЕРДИК СЕЗИМТАЛ ЖУРНАЛИСТИКАНЫН СТАНДАРТТАРЫ БОЮНЧА ОКУТУУДАН ӨТҮШТҮ
Талас облусунун журналисттери, блогерлери жана ММК өкүлдөрү гендердик сезимтал журналистиканын стандарттары боюнча окутуудан өтүштү
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖУРНАЛИСТТЕРИ, БЛОГЕРЛЕРИ ЖАНА ММК ӨКҮЛДӨРҮ ГЕНДЕРДИК СЕЗИМТАЛ ЖУРНАЛИСТИКАНЫН СТАНДАРТТАРЫ БОЮНЧА ОКУТУУДАН ӨТҮШТҮ
Аялдардын, балдардын, майыптыгы бар адамдардын, улгайган адамдардын жана башка аялуу топтордун укуктарын коргоо боюнча жарандык коом уюмдарынын кайрылуусу
“InKoom– Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү ” долбоору Нарын, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын журналисттердин, блогерлерин, журналисттик ассоциацияларынын
			<description>“InKoom– Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү ” долбоору Нарын, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын журналисттердин, блогерлерин, журналисттик ассоциацияларынын өкүлдөрүн гендердик сезимтал журналистика…</description>
“InKoom– Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү ” долбоору Ыссык-Көл областынын журналисттердин, блогерлерин, журналисттик ассоциацияларынын өкүлдөрүн гендердик сезим
			<description>“InKoom– Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү ” долбоору Ыссык-Көл областынын журналисттердин, блогерлерин, журналисттик ассоциацияларынын өкүлдөрүн гендердик сезимтал журналистика боюнча 1 күндүк тренингге…</description>
Кымбаттуу достор! 26-27-майда Бишкекте «Ынтымак-2» сейил багында Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп жаткан биринчи Europe Summer Fest Bishkek – 2023 өткөрүлөт
#InKoom
Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүгө багытталган долбоор башталды
Кыздардын билим алуу укуктарын жана эрте турмушка чыгуудан коргоо боюнча КООМДУК ДИАЛОГДОР өлкөнүн бардык областарында өттү
“InKoom– Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү ” долбоору Талас шаарынын журналисттердин, блогерлерин, журналисттик ассоциацияларынын өкүлдөрүн гендердик сезимтал жу
			<description>“InKoom– Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү ” долбоору Талас шаарынын журналисттердин, блогерлерин, журналисттик ассоциацияларынын өкүлдөрүн гендердик сезимтал журналистика боюнча 1 күндүк тренингге катышууга…</description>
БАТКЕН ОБЛУСУНУН ЖУРНАЛИСТТЕРИ, БЛОГЕРЛЕРИ ЖАНА ЖМК ӨКҮЛДӨРҮ ГЕНДЕРДИК СЕЗИМТАЛ ЖУРНАЛИСТИКАНЫН СТАНДАРТТАРЫНА ОКУТУЛУШТУ
“InKoom– Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү ” долбоору Бишкек шаарынын журналисттердин, блогерлерин, журналисттик ассоциацияларынын өкүлдөрүн гендердик сезимтал ж
			<description>“InKoom– Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү ” долбоору Бишкек шаарынын журналисттердин, блогерлерин, журналисттик ассоциацияларынын өкүлдөрүн гендердик сезимтал журналистика боюнча 1 күндүк тренингге…</description>
Гендердик сезимтал журналистиканын стандарттарын киргизүү боюнча ЖМК үчүн ментордук программанын жыйынтыктарынын презентациясы
			<description>2023-ж. 25-июльда саат 15.00-дөн 17.00-гө чейин Бишкек шаарында Парк-отель мейманканасынын конференц-залында (Орозбеков көч., 87) пресс-кафеде гендердик сезимтал журналистиканын стандарттарын киргизүү боюнча Ментордук программанын жыйынтыктары…</description>
Ысык-Көл облусунун журналисттери, блогерлери жана ЖМК өкүлдөрү гендердик сезимтал журналистиканын стандарттарына окутулушту
Кыргызстандын кыздардын мектептен чыгып кетүүсү жана эрте никеге туруу көйгөйлөрү боюнча диний конфессиялар менен коомдук диалог уюштуруу тажрыйбасы Венада ЕККУнун адамдык өлчөмү боюнча кошумча кеңешм
Айсалкын Качкынбекова: “Азыр аялдарды өлтүрүү жөнүндө жаңылыктар коомду дүрбөлөңгө салууда, мурда анча көңүл бурулчу эмес”
			<description>Айсалкын Качкынбекова Super.kg сайтынын башкы редактору. Айсалкын 2016-жылдан бери журналистика менен алектенет — узак убакыт бою криминалдык хрониканы, анын ичинде гендердик зомбулукту чагылдыруу менен алектенген.</description>
Элира Турдубаева: “Кыргызстандын журналисттери гендердик жактан дээрлик сезимтал болуп калышты, бирок баалуулуктардын өзгөрүүсү жөнүндө көбүрөөк контент түзүү керек”
			<description>“Ала-Тоо” эл аралык университетинин журналистика кафедрасынын башчысы жана изилдөөчү Элира Турдубаева медиа үчүн гендердик сезимтал журналистика боюнча беш жылдан ашуун убактан бери тренингдерди өткөрүп келет.</description>
Анна Капушенко: “Гендердик теңчиликти илгерилетүү үчүн журналисттерге сөз эркиндиги керек”
			<description>“Клооптун” башкы редактору Анна Капушенко 10 жылдан ашык журналистика менен алектенет. Аннанын айтымында, азыр гендердик теңчиликке байланыштуу күн тартиби алыскы планга чыкты, анткени медиага массалык чабуул жүрүп жатат.</description>
“Клооптун” башкы редактору Анна Капушенко 10 жылдан ашык журналистика менен алектенет.
Аннанын айтымында, азыр гендердик теңчиликке байланыштуу күн тартиби алыскы планга чыкты, анткени медиага массалык чабуул жүрүп жатат.
Дина Маслова: “Гендердик темалар көптөгөн басылмаларда артыкчылыктуу болуп калды, бирок өлкөдөгү кырдаалды өзгөртүү үчүн чечим кабыл алуучулар оюнга тартылышы керек”
			<description>Дина Маслова Kaktus.mediaнын негиздөөчүсү, журналистика жана коммуникация тармагында 20 жылдан бери иштеп келет. Маслованын пикири боюнча редакцияларда гендердик тема артыкчылыктуу болуп калды, анткени кээ бир кейстер окурмандарды…</description>
Дина Маслова Kaktus.mediaнын негиздөөчүсү, журналистика жана коммуникация тармагында 20 жылдан бери иштеп келет. 
МАЙЫПТЫГЫ БАР КЫЗДАРГА ЖАНА АЯЛДАРГА ЖАЛПЫ ЖАНА КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ
			<description>Майыптыгы бар активист айым Гүлзар Дүйшеева учурда 2021-жылы ачкан “Жарыктык” фондун жетектейт. Фонд майыптыгы бар адамдарга ар кандай жардам көрсөтөт. Анын окуясы – укмуштуудай тырышчаактыктын жана Кыргызстандагы майыптыгы бар адамдар үчүн мыкты…</description>
Кайыргүл Рыскулова: “Журналисттер гендердик стереотиптерди күчөтүүнү жана виктимблеймингди жайылтууну улантууда”
			<description>Кайыргүл Рыскулова Т-Медиа регионалдык телеканалынын Бишкектеги бюросунун журналисти болуп иштейт жана аны менен катар университетте окуйт.</description>
“Өзүм сулуумун жана адамдарды да сулуу кылам”. Коляска колдонуучу айым пандемия учурунда жеткиликтүү сулуулук салонун кантип ачкан
			<description>Роза Бегалиева сулуулук салонунун ээси. Аял мас айдоочу сүзүп кеткенде майып болуп калган. Ал 2001-жылы омурткасы сынгандыктан жана ички органдарынын үзүлүп кетүүсүнөн улам майып болгон.</description>
Майыптыгы бар ар бир кош бойлуу аял дарыгерлердин кайдыгер мамилесине дуушар болот
			<description>Активист айым жана “Назик Кыз” коомдук фондунун жетекчиси Укей Мураталиева БШО менен төрөлгөн. Укей бала кезинен эле коом тарабынан четке кагууга дуушар болуп келген – адегенде аны бала бакчага кабыл алышкан эмес, андан кийин апасы кызын мектепке…</description>
Майыптыгы бар адамдар бардык аярлуу темаларды билишет жана парламентте башкаларга караганда көп нерсени жасай алышат
			<description>Айнура Телеушева маданият жана искусство чөйрөсүндө инклюзия менен алектенген “Love-Life” коомдук фондун жетектейт. Ал бала кезинде апасы менен бирге кырсыкка учурап, майып болуп калган. Айнура омуртканын компрессиялык кысылышынан жабыркап, ал…</description>
Айнура Телеушева маданият жана искусство чөйрөсүндө инклюзия менен алектенген “Love-Life” коомдук фондун жетектейт. 
Майыптыгы бар аялдарга карата зомбулук дээрлик спецификалуу — агрессорлордон качып бара турган жер жок
			<description>Гүлмира Казакунова – 2007-жылы Караколдо түзүлгөн “Теңдик” майыптар союзунун негиздөөчүсү жана жетекчиси. 2019-жылдан баштап уюм улуттук деңгээлде иштей баштады. Казакунова жаракат алып, 19 жашында майып болуп калган. Кырсыктын кесепетинен ал…</description>
Гүлмира Казакунова – 2007-жылы Караколдо түзүлгөн “Теңдик” майыптар союзунун негиздөөчүсү жана жетекчиси. 2019-жылдан баштап уюм улуттук деңгээлде иштей баштады.
Кыргызстанда биринчи жолу пара кол күрөш чемпионат болуп өттү
			<description>25-26 мартта, 2023 ж. Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт ордосунда Кыргызстандын пара кол күрөш чемпионат болуп өттү.</description>
“Социалдык технологиялар агенттиги” бейөкмөт уюму изилдөө жүргүзүүдө
			<description>«Социалдык технологиялар агенттиги» бейөкмөт уюму ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген аялдарга жана кыздарга басым жасоо менен өлкөдөгү гендердик теңчиликтин учурдагы абалына баа берүүгө багытталган изилдөө жүргүзүп жатат, ага байланыштуу…</description>
Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомду өнүктүрүүгө көмөктөшүү долбоору башталат
			<description>Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомду өнүктүрүүгө көмөктөшүү долбоору ишке кирди Долбоор аялдарга, жаштарга жана балдарга карата зомбулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө, ошондой эле жеткиликтүү, көз карандысыз жана сапаттуу ресурстар менен…</description>
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун гендердик мониторингинин жыйынтыгы
			<description>2021-жылдын 29-ноябрында пресс-конференцияда 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо процессине коомдук мониторинг жүргүзүү үчүн бириккен 3 бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү шайлоонун алдын ала…</description>
СТА Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун алдындагы Коомдук кеңештин курамына кирди
			<description>«Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмеси (СТА) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун алдындагы Коомдук кеңештин курамына кирди.</description>
Аялдардын лидерлиги, климат жана суу: Жайкы онлайн-мектептин катышуучулары билимди, тажрыйбаны жана чечимдерди кантип бириктиришти
			<description>2026-жылдын июль айынан август айына чейин «Фергана өрөөнүндөгү аялдар климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту орнотууда, ага ыңгайлашууда жана тынчтыкты курууда алдыңкы катарда» долбоорунун алкагында «Тынчтык булагы – климаттык жана суу коопсуздугу…</description>
Депутат элеттик аялдардын демилгесин жазуу жүзүндө даярдап, мамлекеттик органдарга жөнөтүүнү сунуштады
			<description>«Тынчтык булагы» тармагынын катышуучулары Коомдук-консультативдик кеңештердин (ККК) ролун кеңейтип, алар этностор аралык чыр-чатактардын гана эмес, суу тартыштыгы, климаттын өзгөрүшү, жер жана башка жаратылыш ресурстарына байланыштуу чыңалуунун…</description>
Элеттик аялдардын үнү — Жогорку Кеңеште: үч облустун өкүлдөрү өз демилгелерин сунушташты
			<description>13-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Эл аралык айылдык аялдар күнүнө карата диалог болуп өттү. Ага Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан «Тынчтык булагы — климаттык жана суу коопсуздугу үчүн аялдар» тармагынын 15 өкүлү катышты.</description>
«Аялдар бириксе, бүтүндөй бир айылдын жашоосун өзгөртө алат»: Жогорку Кеңеште аялдар тармактарын колдоо маселеси талкууланды
			<description>«Тынчтык булагы» тармагынын Баткен облусундагы мүчөсү Нургул Ысакова айылдык аялдардын Жогорку Кеңештин депутаттары менен болгон жолугушуусунда долбоорлор аяктагандан кийин аялдар бирикмелеринин келечеги кандай болору тууралуу маселени көтөрдү.</description>