Версия для слабовидящих
КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ГЕНДЕРДИК ЖАНА ИНКЛЮЗИВДҮҮ ӨНҮГҮҮ: чакырыктар жана сунуштар

Изилдөөнүн максаты болуп инклюзия көз карашынан өлкөдөгү гендердик теңчиликтин учурдагы абалын түшүнүү.
Авторлор майыптыгы бар кыздар жана аялдар өздөрүнүн: жалпы жана кесиптик билим алуу укугу; татыктуу жашоону камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү эмгекке жана ишке орношуу укугу, репродуктивдүү жана сексуалдык ден соолукка жана тиешелүү кызматтарды алууга укук, саясий укуктар, атап айтканда, шайлоо укугу сыяктуу укуктарын ишке ашырууда туш болгон көйгөйлөрдү аныктоого басым жасашкан. Ошондой эле, изилдөөдө майыптыгы бар кыздар жана аялдар дуушар болгон зордук-зомбулук маселелери чагылдырылган